Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Разъезд айылында АРИСтин долбоору менен мектеп курулууда. Бул туурасында аталган уюмдун Баткен облусу боюнча адиси Алтынбек Жакыпов билдирди.
Баткен облусу боюнча АРИСтин эксперти Алтынбек Жакыпов билдиргендей, айылдарды инвестициялоо боюнча каралган АРИСтин бул долбооруна жалпы Баткен облусу боюнча 25 айыл өкмөтү катышкан.
«Биз айыл өкмөттө иштеген жумушчу топторго атайын окутууларды жүргүзөбүз, андан кийин эң мыктылары тандалып алынат. Колдоого алынган долбоор 20 миңден 450 миң доллар суммадагы акча менен каржыланат. Бул акчалар жакырчылыктын алдын алуудагы жумуштарга сарпталат», — деди Жакыпов.
Жакыпов кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун биринчи жана экинчи этабы жалпы Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн.
Өткөрүлгөн этаптарда Баткен облусу боюнча Кадамжай районунан Кайтпас, Кыргыз-Кыштак, Алга айыл өкмөттөрү да ийгиликтүү катышышкан.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахмаов АРИСтин долбоору боюнча токтолуп, алдыда аткарыла турган иштер көп экендигин айтат.
«Бул долбоордун алкагында бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Бүгүнкү күнү Разъезд айылында мектеп курулууда, андан кийин башка чоң долбоорлор бар, аларды да келечекте, албетте, аткарабыз деп ишенем», — деди Абдурахманов.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ