Сокулук районунун Жал айылында Нооруз- аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы белгиленди.
Чоодуев Уран Орок айыл аймагынын башчысы-
“Бүгүнкү айылыбыздагы өткөн Нооруз майрамы жакшы болду. Эл чогулуп жер жаңырып, ушундай майрамды өткөзгөнгө айылдын тургундарынын, жаштарынын, Орок айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттарынын, мугалимдеринин жардамы менен ушундай той өтүп жатат. Ак ниет менен ушул тоюбуз уюштурулду. Орок айыл өкмөтүндө сегиз айыл бар,Жал, Сарбан, Кашка- Баш, Төмөнкү жана Жогорку Орок, Селекция айылдарынын аксакалдарын баарын чогултуп, башын бириктирип, келечек муундарыбыз, жыштарыбыз ынтымактуу болсун, жакшы инсандар чыксын, деген ниетте, ушул иш чарабызды уюштурдук. Эң негизги жаштарыбызга ыйман берсе эл журтубуз ынтымактуу болсо. Мен ойлойм баары жакшы болот ийгиликке жетишебиз эл үчүн кызмат кылууга ар дайым даярбыз. Элиме дагы бир ирээт майрамыңыздар менен куттуктап ырахматымды айтам”,-деп оюн билдирди.
Сыдыгалиев Үсөнбек совхоздун мурунку директору
“Бүгүн Нооруз майрамында бүт Орок айыл өкмөтүнүн аксакалдары, ардактуу эс алуудагы мугалимдери, эмгектин алдынкылары, муруңкү жетекчилери чогулушту. Майрам жакшы өтүп жатат. Мугалимдерге, уюштуруучуларга, айыл өкмөтүнө, депуттатарга, айыл башчыларына ошондой эле Чоодуев Уранга чоң ырахмат. Биздин эмгегибизди эстеп Орок айылынын ардактуу атуулу деген медаль, ардак грамота тапшыргандарына кубанычтабыз. Элге майрамдык маанай тартуулаган жаштарга батабызды беребиз,”-деп айтты.
Джаныбеков Максат Жал аймагынын тургуну-
“Мына бүгүн жаңы жылдык майрамды айыл өкмөтү уюштурган экен. Чоодуев Уран баштаган жалпы жамаатына, Динара Жолдошбековна жетектеген мугалимдер жамаатына, алып баруучуларга, бийчилерге, ырчыларга, окуучуларга ыраазыбыз. Жакшынакай тамагын берип тосуп, батасын алып жардам берген жаштарга рахмат. Ар дайым ушундай майрамдарда, жакшылыктарда жолугуп жүрөлү,”-деп айтып кетти.
Даярдаган: Акбермет Алыкулова, Элана Батырбекова