30-октябрь күнү Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде Ж. Мамбетов, Р. Усубалиев жана М. Иманалиев атындагы орто мектептердин катышуусу менен семинар болуп ѳттү.
Бул семинар Ага-Хан фондунун «Коомчулуктун катышуусу менен мектептерди жакшыртуу» долбоорунун алкагында ѳткѳрүлгѳн. Жалпысынан ата-эненин, окуучунун, мугалимдин атынан 24 адам катышкан. Программанын эң башкы максаты алыскы аймактардагы мектептердин ѳнүгүүсүнѳ коомчулукту тартуу. Ар бир мектептен келген топтор, проект жазып тендер утуп алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Толук маалымат үчүн долбоордун фасилитаторуна кайрылганыбызда, тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:
«Мен бул долбоордо фасилитатор болуп иштейм. Долбоор 2017-жылдан бери ѳз ишмердигин баштап келе жатат жана 2020- жылга чейин иштейт.
Пилоттук негизде иштеп, Кыргызстан боюнча 359 мектеп кирген. Нарын райснунда 34 мектепте иштетилип жатат. Азыркы мезгилде коомдо окуу жайлардын ролу ѳтѳ чоң. Ошондуктан мектептерди ѳнүктүрүү ар бир адамдын милдети болуш керек. Дал ушул максатта Ага-Хан фонду проектти иш жүзүнѳ ашырып келе жатат.»
Жекшен Мамбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Карыбек кызы Гүлкайыр ѳз ойун айтты:
«Бизге бул программа жѳнүндѳ жай айларында Ага-Хан фонду тааныштырып ѳткѳн. Мага абдан жакты. Ѳзүмѳ ѳтѳ чоң тажырыйба топтоп, жакшы маалыматтарды ала алдым. Келечекте ушул программанын жардамы менен мектебимдин ѳнүгүшүнѳ чоң салымымды кошо алам деген ишеничтемин».
Эскерте кетсек, бул семинар 3 модульдан туруп, анын экѳѳ 16-24-октябрьда ѳткѳрүлгѳн. Фонд катышуучулардын тамак-ашын жана жол киресин камсыздап берген. Семинардын жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификат тапшырылып, кийинки иш- аракеттерин талкуулашты. «Мектептин ийгилиги, келечектин уюткусу» демекчи, ар бир мектептин ѳнүгүүсүнѳ тилектешпиз.
Даярдагандар: Сейит кызы Акылай
Акинова Бактыгуль