«Академия роста» уюму тарабынан, менталдык арифметика боюнча 10 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ортосунда Баткен, Жалалабад жана Ош облустары боюнча өткөрүлгөн Түштүк регионалдык олимпиадасында Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын 3-классынын гимназисти Шерматов Амангелди супер-чемпион наамын жеңип алды.
Белгилей кетсек, менталдык арифметика боюнча олимпиаданын регионалдык туруна Сүлүктүдөгү гимназиядан үч окуучу катышкан.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов