Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары эки-үч жыл мурда той-аштарга жана өлүм-житимдерге кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча маселе козгогон. Анын натыйжасында токтом кабыл алып бекиткен.
Ал токтом натыйжа бербей, айылда ар кандай терс окуялар жүз берүүдө. Ошонун алдын алуу максатында азыр эми айыл аксакалдары өздөрү демилгелеп, чоң чыгымдарды токтотуу боюнча атайын чогулуш өткөзүштү.
«Биринчиден биз өзүбүздү тыйышыбыз керек. Анан ыймандуу болушубуз керек. Той-топурларга барганда жана маркумду акыркы сапарга узатууда өзүбүз уялып, колубузга пакет көтөрүп албай чыгууну үйрөнсөк»,-дейт Кызыл-Булак айыл аксакалдар сотунун төрөгасы Бегалы Исраилов.
Айылдын жашоочусу Калил Сайфутдиновдун айтышынча өлүм-житимдерге көп чыгаша сарпталып, колунда жоктор ыңгайсыз абалда калып жатат.
«Акыркы убакта өлүм-житимге көп чыгашалары кетирип жатат. Кээ бир колунда барларга теңелип колунда жоктор кыйналууда. Ошондуктан мен маркумду узатууга, алды бир жашар торпок союп, алыстан келген тууган-уруктарды эле сыйлап, чай берип коюуну сунуштайт элем»,-деген оюн билдирди айыл тургуну Сайфутдинов Калил.
Автор: Рысбек Маматов