Айылыбыздан чыккан Кыргызстандын чыгаан инсаны Төрөбай Кулатовдун ишмердигине арналган музей курулууда. Бул музейдин курулушун «ЭРКА» жоопкерчилиги чектелген ишканасы колго алган. Тендерден утуп алып, азыркы күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.
«Биз үчүн курулуш иши оңойго турган жок. Себеби күн суук болуп, куруучуларыбыз үчүн кыйынга турду»,-дейт «ЭРКА» ЖЧКсынын директору.
Музейдин курулушунда иштеп жаткан Нурбек Абдрахманов Ош облусунун Жапалак айылынан келген. Бул жердеги иши боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
«Мен башкаларга окшоп Россияга барбай эле, өзүбүздүн Кыргызстанда иштөөнү чечтим. Себеби канчалаган кыргыздар жол киресине күйүп кайтып келип жатат. Бул жерде эмгек акыбыз ишибизге жараша 15 миңден 20миң сомго чейин болуп жатат, Үй бүлөмдү багууга жетет»,- дейт Нурбек Абдырахманов.
Автор: Канболот Абылкасым уулу