Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Семетей Черикбаев Кара-Кече көмүр кесиминдеги абал менен таанышып, штабдын жыйынын өткөрдү.
Кара-Кече көмүр кени
Жыйынга облустун бардык район жетекчилери, көмүр ишканаларынын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматкерлер катышып, тез аранын ичинде облустун калкын, бюджеттик мекемелерди көмүр отуну менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Аталган көчмө штабка Ат-Башы районунан Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов барып катышты.
Буга чейин көмүр кесиминде кезектешүү болбой, райондогулар артта калып жаткан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар бир кезекте турган камаздар өз убагында кезек менен гана кириши талап кылынды.
Ат-Башы районунун замакими Максат Кадыркулов
Ал эми 2020-2021-жылдык күз-кыш мезгилине карата Ат-башы районундагы бюджеттик мекемелер толук көмүр отуну менен камсыздалды. Ага жалпы 3973,6 тонна көмүр отуну тартылды.
Район элине болжол менен 12100 тонна көмүр отуну керектелсе, анын 1325 тоннасы тартылып бүттү.
Мындан сырткары, май айынан баштап Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ар бир айыл өкмөткө жалпысынан 12 көмүр кампасы уюшулган. Бүгүнкү күндө кампанын ичинде 580 тонна көмүр отуну бар.
Жарыя: Ат-Башыда чакан долбоорлор каржыланат
Асель Уркунбаева