Ат-Башы районунун өнүктүрүү фондунан чакан долбоорлор каржыланат.
Ат-Башы районунун аймагындагы айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынынын, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү максатында, райондун өнүктүрүү фондунан чакан долбоорлорду каржылоо жүргүзүлөт. Каржылоонун суммасы 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин.
Долбоорду кабыл алуу 2020-жылдын 15-октябрынан 25-октябрынын кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Долбоор ээси арызды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекитилген типтүү жобонун 2-тиркемесинде берилген форма боюнча тариздейт.
Сынактан өткөн долбоорлорго Ат-Башы районунун өнүктүрүү фондунан каражат берилет.
Суроолор боюнча 24-7-77, 23-1-21, (0701)58-03-58 телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.
Электрондук дарек: [email protected]
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы