Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин демилгеси менен “Улуттук экономиканы өнүктүрүү жылына” карата ата-энелердин спорттук мелдеши өттү. Ата-энелер чана сүйрөө, аркан тартыш, кар салмай өңдүү тапшырмаларды аткарышты.
Мелдештин жүрүшүндө жигердүү катышкан ата-энелере комитет тарабынан белектер, грамоталар тапшырылды. Мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы С.Сарыков “Мындай мелдештер дайыма өтөт. Буга чейин “Шайыр старт” деп өтүлүп турган. Бүгүн башталгыч класстын ата-энелери арасында болду. Эми апрель айында волейбол жана футбол боюнча спорттук мелдеш өтүүнү пландап жатабыз” деди.
Даярдаган: Б. Мамытбекова