Кыргызстанда бала багуу үчүн декреттик өргүүгө аталар да чыга алат, бирок айлык акысы сакталбайт. Серепчилердин маалыматында өлкөдө 90% аталар бала багуу үчүн декреттик өргүүгө каалоолору бар экендигин билдиришкен.
Бириккен Улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) ар кайсы өлкө бийликтерине, үй-бүлөлүк кызыкчылыктарды камтыган улуттук стратегияларды, анын ичинде эне жана атанын бала багуу үчүн акылуу өргүүсүн көзөмөлдөөгө чакырган.
Самат Аргымбаев, айыл тургуну:
“Бул тууралуу билчимин, бирок биздин өлкөдө колдонулабы билбейм. Бирок эми азыр 21-кылым, бардык нерсе мүмкүн. Менин чыгайын деген оюм жок.”
Койсун Бейшенбаева:
“Так маалыматым жок, бирок бар экендигин уккам. Көз карашым түз жана муну жандандырып, ишке ашырса деп ойлойм.»
Бакыт Ажыгулов, айыл тургуну:
“Эркек киши шартка байланыштуу декретке чыгам десе аны алууга толук укугу бар. Муктаж болсо алганга көз карашым түз эле.”
Минара Шайлообекова: “Жок бул боюнча маалыматым жок экен. Бирок бала экөөнө тең таандык болгондуктан чыкса болот го.”
Бул Суусамыр айыл тургундарынан алынган сурамжылоо. Мыйзам боюнча мүмкүнчүлүк бар экенине карабастан, Кыргызстанда эркектер декреттик өргүүгө дээрлик чыкпайт. Сурамжылоодо уккандай кээ биринин мындай мыйзамдын бар экендигинен кабары да жок, себеби айрым мекемелер кызматкерлерине баланы багууга байланыштуу эмгек өргүү тууралуу маалымат бербейт.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева эркектерди мыйзамды туура түшүнүп, аны колдонууну сунуштайт:
“Мыйзамды колдонгон бирин-серин гана малекет кызматкерлерин байкадым. Мунун себеби эркектер, аялдын ролун аткарып каласың дегенден уялышат. Мыйзамдын мазмуну өтө жакшы, өз балаңа өзүң тарбия берип, жанында бол дегендик. Эркектер мыйзамдын маңызын жана үй-бүлөнүн маанисин түшүнүп, уялбастан мыйзамды колдонуусу керек.”
Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 137-беренесинде бала багуу үчүн декреттик өргүүнү эне жана ата гана эмес, чоң ата, чоң эне жана баланы кароого милдеттенме алган ар бир жаран алууга укуктуу экендиги жазылган. Гендердик эксперт Бакен Досалиева айтылып жаткан маселе тууралуу көрүнүштөргө токтолуп, мыйзамды колдоорун билдирди:
“Мыйзамды билип туруп декреттик өргүү албаган аталар балким намыстанаттыр, бирок бул намыс эмес. Балага эненин мээрим эле эмес атанын да тарбиясы керек. Мисал катары, мамлекеттик салык кызматында иштеген жигит, аялы эл аралык уюмда иштегендиктен, баласын карап отуруп калды. Анткени аялынын алган маянасы алардын ипотекасын төлөөгө жетиштүү болчу.”
Айта кетчү нерсе, жубайлардын экөө тең мамлекеттик кызматкер болсо, эмгек өргүүгө атасы чыккан учурда апасына мындай мүмкүнчүлүк берилбейт.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы