Ноокат районундагы мектеп окуучулар арасынан «Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу кароо сынак болуп өттү. Бул сынакка өспүрүмдөр арасынан бийге, ырга, көркөм айтууга шыгы бар мектеп окуучулары катыша алышты.
Ноокат районунун балдардын чыгармачылык борборунун директорунун орун басары Султанали уулу Медербектин айтуусу боюнча:
«Бизде ар жылы салтка айланган » Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу окуучулардын ыр, бий жана улуттук аспаптарда ойноо боюнча сынак болуп өтөт. Жобого ылайык, өспүрүмдөрдүн жаш курагына карай 3 категория боюнча тандап алынат. Бул ирет Ноокат району боюнча чыгыш жана батыш аймагындагы таланттарды бөлүп кароону туура деп чечип, аймактык турду өткөрүп жатабыз. Февраль айынын аягына чейин райондук турга чакырабыз. Жобого ылайык райондук турдан өткөн 9 гана катышуучу облустук турга жолдомо алат. Бул иш-чараны уюшутуруунун негизги максаты жаш өспүрүмдөрдүн чыгармачылыгын арттыруу, андан ары өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп эсептелинет».
Даярдаган: Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса