Жыйынга Кыргыз Республикасын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев Уларбек Казыевич ошондой эле Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким Маматалиев Давранбек жана Ноокат районундагы мекеме иш каналарынын жетекчилери, күч органдарынын башчысы, айылдык кеңештин депутаттары жана элдер катышышты.
Жыйындын негизги маселеси бирөө. Ал 2019- жылдагы аткарылган жумуштар жөнүндө маалымат берүү деп билдирди айыл өкмөт башчысы Мадимаров Нуридин Султанович.
«Жыл бюджетинин аткарылышын 129% менен аткардык. Жергиликтүү салыктардан 68 млн жыйналып 12 млн ашыкча жыйналды. Элдер тарабынан коюлган суроо талаптар толугу менен аткарылды деп ойлойм. Акчанын көп пайызы социалдык обьектилерди куруу үчүн жана оңдоп түзөө иштерине жумшалды. Кулуштан айылына 70 орундуу бала бакча ишке берилди. Айыл өкмөттөгү 10 мектеп 8 бала-бакчага кабелдик интернет туташтырылды жана ушул билим берүү мекемелерине видео көзөмөлдөр орнотулду. Жалпы 100 млн дук иш аткардык. Бул акча жергиликтүү бюджеттен, инвесторлордон келген акчалар пайдаланылды. Андан сырткары 101 адам жумуш менен камсыз болду. 2020-жылга президентибиздин жарлыгына ылайык «Санариптештирүү жана балдарды колдоо»- жылына карата Ак-чал айылына 70 орундуу бала бакча куруу пландаштырылууда. Кирпич завод жана гипс чыгаруучу иш кана куруу үчүн инвестиция тарттык. Күзгө чейин ишке берилип 20-30 адам жумуш менен камсыз болот деген ойдомун. Бүгүнкү жыйында өүзүңүздөр күбө болгондой элдин маанайы жакшы, аткарылган иштер боюнча Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн жакшы ойлорун айтып ишибизге ийгилик каалады»,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Даярдаган: Матраимова Айиса, Жалалова Таңнуру