Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айылынын тургундары кышка даярдыктарды көрүп башташты. Азыркы убакта айрым элдер көмүрдү күтүп жатышса, айрымдары малдын көңүн кургатып жыйнап жаткан учур. Быйыл көмүрдүн баасы кандай болору азырынча айтыла элек. Айыл эли азык — түлүккө, күйүчүү майларга, жер- жемиштерге болгон баалардын көтөрүлүп жатканын көрүп, көмүрдүн да баасы кымбат келиши мүмкүн деген ойдо болушууда.
Айыл өкмөт тарабынан кайсы мекемелер көмүр камсыз болушарын Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Мамбеткулов төмөнкүлөргө токтолду:
“Казан-Куйган айыл аймагында кышында көмүр, отун менен жылыган ишканалар бар. Азыркы учурда көмүргө тендер жарыяланып, келишимдер түзүлүүдө. Биздин айыл өкмөт тарабынан кышкы жылуулук системасына “Баатыр эне- Шорукова Какен” атындагы бала бакчага болжолдуу 30 тоннага жакын көмүр түшүрүлөт. Ал эми мектепке атайын бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп турат. Мектеп көмүр менен эмес электр энергия менен жылыйт. Ал эми оорукананын жылуулук системасы облустан каржыланып келет.
Кайсы бир деңгээлде пандемия да көмүрдүн баасына таасирин тийгизип, көмүрдүн баасы кымбат болушу мүмкүн. Азыркы учурда күйүүчү майдын баасы күндөн күнгө өсүүдө. Ал эми көмүр кенинде иштеген техникалар жалаң ушу күйүүчү май менен иштегендиктен, майга болгон баалар да көмүрдүн баасына терс таасирин тийгизет.
Биздин айыл аймакта 67 аз камсыз үй-бүлөлөр бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар үй-бүлөлөргө айыл өкмөттөн жана социалдык коргоо тарабынан колдоолор көрсөтүлүп турат. Мындан тышкары, айыл ичинде да кайдыгер карабаган инсандар бар. Мисалы, Токтосунова Бүбүсайра эжейибиз жылына беш, алты үй-бүлөгө көмүр менен каржыласа, бала бакчага ар дайым Дүйшеев Токон агабыз колдоо көрсөтүп келишет.”
Ал эми айыл тургундары кышка кандай даярдыктарды көрүшүүдө кийинки сюжетте.
Кыргызстандын башка аймактарындагы кышка даярдык кандай болуп жаткандыгы тууралуу окуңуз
Акбермет Руслан кызы, Адылхан Эсенгулов