2021 — жылдын 11 — апрелинде 448 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 28 шаарда жана 420 айыл аймакта шайлоо өткөрүлгөн. Алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунун алкагында шайлоонун жыйынтыгы менен биринчи чакырылыштагы сессияны ким өткөзөт аталышындагы аудио сюжетти уга аласыз.
Шайлоонун жыйынтыгы менен биринчи чакырылыштагы сессияны ким өткөзөт? Бул суроо менен алгач Куланак айылынын тургундарына кайрылдык. Айыл эли жергиликтүү кеңешке талапкер болгон депутаттарды шайлаганы менен алардын биринчи чакырылыштагы сесссиясын ким өткөзөт деген суроого ар ким ар кандай пикирин айтты.
-«Билбейм, такыр кызыкпайм».
-«Менин оюмча айыл өкмөттүн катчысы уюштурат болуш керек».
Ал эми Учкун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тилебек Жумабаев төмөндөгүдөй баяндады.
Тилебек Жумабаев: «Буюрса 21 депутат шайланып бүттү. Эртең мандаттарын алганы саат 9га чакырып жатат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын мыйзам боюнча кимиси жаш курагы боюнча улуу болсо ачып берет. Андан кийин кол топтоо менен төрөганы шайлап алат».
Учкун айыл өкмөтүнүн бир нече жолку чакырылышынын депутаты Назгүл Жумалиева төмөндөгүлөргө токтолду.
Назгүл Жумалиева: «Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрөгасы тарабынан, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлагандан кийин 2 жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин 1 сессиясын, тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясында жергиликтүү кеңештин төрөгасы жана орун басары шайланат. Туруктуу комиссиялар түзүлөт».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева
Аудио: Жергиликтүү кеңеш акимдин ишин көзөмөлдөй алабы?
Аудио: Айыл өкмөттүн чыгашаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары текшере алабы?