Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин 7-чакырылышындагы депутаттардын кезектеги биринчи сессиясы болуп өттү. Анда айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланды.
Добуштарды саноо учуру
Кеңеш айыл аймагынын кеңешине 21 депутат шайланып, алар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилип, 11-май күнү мандат менен төш бергилери тапшырылган.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Айтолкун Шадыбекова айыл өкмөттө 5 айыл бар, бирок 3 округ болгондуктан, мандаттар округдарга бөлүндү дейт.
Айтолкун Шадыбекова
Айтолкун Шадыбекова: “Куу-Майдан айылына 7 депутатка, Арбын айылына 6, Шаңкол айылына 8 депутатка мандан берилди. Шайлоонун жыйынтыгында 8 аял, 13 эркек депутат болду”.
Жалпы 21 депутаттын ичинен беш депутат төрагалыка өз талапкерлерин көрсөтүшкөн. Алар – Орозбек Абдырахманов, Каныбек Адиев, Орозгүл Исаева, Турсунай Кадырова, Орозмамат Нурматов.
Депутаттар өздөрүнүн сунуштарын киргизип, ортого добушка салып жатышкан учуру
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Турсунай Кадырова 6 добуш, Орозбек Абдырахманов 7 добуш менен экинчи турга өтүп, ал эми экинчи турдан Орозбек Абдырахманов 11 добуш менен айылдык кеңештин төрагасы болуп, 9 добуш менен Турсунай Кадырова төраганын орун басары болуп шайланды.
Солдон оңго: Имамназар Мамыразаков, Орозбек Абдырахманов
Жаңы шайланган депутаттар алдыда кандай иштерди аткара тургандыктары жөнүндө айтып беришти.
25 жаштагы депутат Мурасбек Кубанычбек уулу өзүнө айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүү максатын койгон.
Мурасбек Кубанычбек уулу
Айылдык кеңештин депутаты Мурасбек Кубанычбек уулу: “Бизде мектеп, бала бакча жана ошондой эле спорт залдарыбыз жетишсиз. Бардык эле айылда ФАПтар жетишсиз, ушул нерселерди карап, инвесторлорду тартуу пландарым бар”.
Имамназар Мамыразаков
Айылдык кеңештин депутаты Имамназар Мамыразаков: “Алдыга койгон пландарыбыз өтө көп, себеби элибизде көп көйгөйлүү маселелер бар. Биздин биринчи маселе бул жер, жол боюнча. Биздин жолдор жол эмес эле жарга айланып кеткен. Ушул маселерди чечүү үчүн аракет кылабыз”.
Айчүрөк Маткеримова Шаңкол ФАПда иштейт. Ал медицина тармагында иштеген үчүн бул тармакка салып кошуу үчүн депутаттыка талапкерлигин койгонун билдирди.
Айчүрөк Маткеримова
Айылдык кеңештин депутаты Айчүрөк Маткеримова: “Биздин көйгөйлөр өтө көп, мисалга алсак оорукананын ичинде ажатканабыз жок. Керектүү буюмдарды алып, кошумча бөлмөлөрдү курдуруу керек. Депутат болуп ар кандай маселелерди үйрөнүп анан чечкенге аракет кылам”.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова