Жергиликтүү кеңеш райондук мамлекеттик администрациянын жана райондун акиминин ишин көзөмөлдөй алабы? Бул суроого Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл тургундары жана юрист, эксперттердин пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыз.
Айрым айыл тургундары жергиликтүү кеңештин депутаттары райондук администрациянын ишин көзөмөлдөй алат деп билдирсе, айрымдары бул туура эмес деген ойдо.
Толук бул аудио сюжеттен угуңуз:
Жергиликтүү кеңеш райондук мамлекеттик администрациянын жана райондун акиминин ишин көзөмөлдөй алабы? Биз бул суроого алгач айыл тургундарынын үнүн уктук.
-«Жергиликтүү кеңештин депутаттарын эл шайлап эл тандап алгандан соң, алар эл өкүлдөрү болуп эсептелинет. Алар эл өкүлдөрү болгондон соң райондун акиминин ишин көзөмөлдөй алат, көзөмөлдөөгө акысы бар деп ойлойм».
-«Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн гана ишин көзөмөлдөй алат. Аким, губернаторлордун иштерине кийлигише албайт».
Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Нурдин Мадимаров: «Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештин депутаттары райондук администрациялык жана райондун акиминин ишин көзөмөлгө ала албайт. Мурда болгон. 2013-2017 жылдары шайланган депутаттар, ошол убакта кошмо жыйын болчу. Анда, райондун акими кошмо жыйындын депутаттарына 1 жылдык кылган иши боюнча отчёт берчү. Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештин депутаттары бир гана айыл өкмөтүнүн ишин көзөмөл кылат. Жергиликтүү бюджетти түзүп, анын аткарылышын айыл өкмөтүнөн сурайт».
Юрист, эксперт Атыр Абдырахматова: «Азыркы мезгилде иштеп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР нын мыйзамынын 27-беренесинде так жазылган. Жергиликтүү кеңештин Жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана КР нын мыйзамдарынын белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Экөөнүн иш аракети, экөөнүн макамы, функциялары, укуктары ар кандай».
Замира Нурдинова : «Жергиликтүү кеңештин депутаттары өзүнүн айыл өкмөтүндөгү бүтүндөй көйгөйлөрдү чечип, элдин маселесин угуп, аны ошол өкмөттүк деңгээлдеги чогулуштарда карап, анын аткарылышы боюнча көзөмөлгө алат. Бирок райондук мамлекеттик администрациянын ишине көзөмөл жүргүзө албайт деп ойлойм».
Бул уктуруу Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова
Аудио: Айыл өкмөттүн чыгашаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары текшере алабы?