Могол айыл аймагында 21 жергиликтүү кеңештин депутаттары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Негизи жергиликтүү кеңешке 17 жаран өз талапкерлигин койгон. Мыйзамга ылайык ким жергиликтүү кеңешке депутат боло алат? Ошол эле учурда айыл тургундарынын күтүүлөрү кандай?
Бул суроолорго айыл тургундарынын жана жергиликтүү кеңешинин катчысы Кыял Тиленов, Могол айыл аймагынын башчысынын орун басары Акылбек Каимовдун пикирлерин уктук.
Ал эми юрист Атыр Абдрахматова төмөндөгүлөргө токтолду:
Атыр Абдрахматова: «Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп 21 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны, жалпы орто билиминен төмөн эмес жаран депутаттыка аттанса болот. Соттолгону бар болсо, аны жоюп, анан катышуусу керек. Жергиликтүү кеңештин депутаты улутуна, жынысына социалдык-финансылык абалына көз карандысыз. Анткени ар бир Кыргыз Республикасынын жараны Конституцияга ылайык аймакка дайындалып, аймактын суроолорун чечүү укугу бар».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аудио: Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды же топторду түзө алабы?
Аудио: Эмне үчүн жергиликтүү кеңештин депутатына эмгек акы төлөнбөйт?
Тимурлан Мелисбеков