Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен шайланган 21 депутаттка мандат тапшырылды.
Иш-чарага Кетмен-Дөбө аймагынын башчысы Болот Багымбаев катышып, депутаттарды куттуктап иштерине ийгилик каалап өттү
Депутаттык төш белги менен күбөлүктү Токтогул райондук УШКнын катчысы Бактыгүл Маметова тапшырды.
«Кетмен-Дөбө аймагында жалпы 21 мандат алардын ичинен 8 аял, 13 эркек балдар, эң жаш депутат 25 жашта, арасында экинчи жолу депутат болгон айымдар да бар. Депутаттарга төш белги жана күбөлүк тапшырып эл үчүн кызмат кылган, элдин үмүтүн актаган депутат болушуна тилектеш экенимди билдирип, иштерине ийгилик кааладым» — дейт Токтогул райондук УШКнын катчысы Бактыгүл Маметова.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова.