Ош облусунун Ноокат районунуна караштуу Т. Кулатов айылында 2024-жылдын 27-ноябрында айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарына мандаттар тапшырылып, төрага шайланды. Айылдык кеңешинин I сессиясына жалпы шайланган 31 депутат катышты.
Айылдык кенештин төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айылдык кенештин төрагасы болуп шайланды.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева