Суусамыр айыл аймагы боюнча оруп-жыйноо иштери жылдагыга караганда кечигип жатат. Анткени жазында аба-ырайынын кургак болушу жана жаздын кеч келиши себеп болууда. Мындан улам, түшүмдүн баасы жогору бааланууда. Быйылкы жылдагы арпанын түшүмү кандай жана канчага бааланууда алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Айылда арпа айдап кошумча киреше тапкан айымдардын бири Элмира Такырбашева быйылкы түшүмү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Айыл тургуну Элмира Такырбашева
«Мен кошумча киреше булагы катары жылда арпа айдайм. Быйыл дагы арпабызды чаап жыйнап алдык уулум экөөбүз. Буйруса жакшы болду. Саманын сатып кеткен чыгымды жаап алдым».
Азыркы убакта айыл боюнча арпанын 60% жыйналгандыгын Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов өз сөзүндө билдирди.

Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов
«Суусамыр айыл аймагы боюнча 7949 гектар жерге арпа айдалган. Анын 4380 гектары азыркы убакта чабылып бүттү. Орто эсеп менен 18-19 центнердин тегерегинде түшүм алып жатышат. Жалпы 60% жыйналып бүттү».
Азиза Тамчиева