Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган мектептер аралык сынак болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү Арбын, Жапар Нышанов, Дары-Суу, Ак-Чабуу жана Шаңкол мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышышты.
Сынакка катышууга 3 түрдүү жободогу программа түзүлгөн. Көркөм окуу, макал-лакаптар, учкул сөздөр боюнча жарыш болуп, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу боюнча сүрөт көргөзмөсү орун алды. Ошондой эле, эне тилге арналган дилбаяндар жазылды.
Иш-чаранын жүрүшү
Аталган иш-чарада Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары 1-орунду, Шаңкол орто мектеби 2-орунду, ал эми Байыш орто мектеби 3-орунду ээледи.
Жапар Нышанов мектебинин мугалим, окуучулары
Байгелүү орундарды ээлеген мектептерге мактоо баракчалары, 3 томдук китептер, активдүү катышкан окуучуларга китептер тапшырылды.
Окуучулар эне тилдин тарыхын чагылдырып беришти
Кеңеш айыл өкмөтүнүн китепкана башчысы, иш-чаранын уюштуруучусу Гүлнара Тилебаева буга чейин дагы эне тилге арналган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп келгендигин билдирип, мындан ары дагы улантаарын кошумчалады.
«Биздин бул иш чарабыз эң мыкты деңгээлде өттү десем жанылышпайм. Себеби балдар эң сонун даярданып келишиптир. Сынактын темасы да жакшы болду. Эне тил жөнүндө сөз баштасаң эч бүтпөйт эмеспи»-дейт.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев мындай иш-чараларды дайым колдоорун билдирип, жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды.
“Сынактын жеңүүчүлөрүнө биз эң сонун, азыркы замандын талабына ылайыкталган китептерди алып келдик. Уюштурууда бизге жардам берген кыргыз тили мугалимдерине чоң рахмат.”
Арбын орто мектебинин окуучусу, сынактын катышуучусу Айдана Миталова иш-чарага катышуу менен өзүмө мотивация алдым дейт.
«Мен өзүмө жашоодо көп жакшы китептерди окуп, андан жакшы тажрыйба топтош керектигин түшүндүм. Өзүмө сонун мотивация алып келдим десем болот. Мындан ары да ушундай сынактар болсо сөзсүз түрдө катышам»- дейт Айдана.
Жапар Нышанов мектебине мактоо баракчасын тапшыруу учур
Жапар Нышанов орто мектебинин директору Гүлмайрам Ысмаилова балдарга шык берүү тууралуу өз ою менен бөлүштү.
“Балдарга айыл өкмөт башчы тарабынан китептер берилди. Мындан сырткары дагы белек берилген окуучуларга эгерде ошол китепти окуп эмне жөнүндө экенин келип айтып берсеңер жеке өзүмүн атымдан дагы атайын белек берем деп убадалады”-деп билдирди.
Айжибек Алижанова
Аймончок Кожонова