4-октябрь Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата добуш берүү тартибин жана шайлоо пандемия шартында өтүп жаткандыктан, шайлоочунун коопсуздугун алдын алуу максатында бир катар санитардык чаралар жөнүндө сөз кылабыз.
Коронавирус илдетинен улам, дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстанда июль айларында курчуду. Дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду. Ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толуп, жакындарын жаткырганга жай таппай калгандар көп болду. Бул …
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылындагы №7.Т.Сатыбалдиев орто мектебиндеги онлайн окутуунун деңгээли кандай болууда? Окуучуларга берилип жаткан билим жеткиликтүүбү? Интернет көйгөйлөру жокпу?
Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылында жайгашкан №2087 Кара-Суу шайлоо участкасынын төрайымы Анара Мааметова төмөнкүлөрдү билдирди: “Бүгүнкү күндө биздин шайлоо участкада нөөмөт жадыбалы түзүлүп комиссия мүчөлөрү иштеп жатышат.
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде мектептердин директорлору жаңы бекитилди.
Китеп окуу- жашоонун жаңылануу булагы. Илимдүү,билимдүү, күчтүү, кубаттуу, идеяга бай,балдарыңызга татыктуу тарбия бергиңиз келсе, анда китеп окуңуз деп адистер коңгуроо кагышууда. Сиз 1 айда канча китеп окуйсуз? Добушуңузду бериңиз
Тогуз-Торо районунун А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде билим алып жаткан 8-класстын окуучусуна, Райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын демилгеси менен уюлдук телефон белекке берилди.
Тогуз-Торо районунда быйылкы жаңы окуу жылында 1- класска 490 окуучу мектеп босогосун аттады. 1-сентябрь билим күнүндө биринчи класстарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бардык шарттар каралып, санитардык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынды. …
Тогуз-Торо райондук санэпид көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча коронавирус оорусу менен 54 адам катталган.Ал эми пневмония оорусу менен ооругандар июль айында жогорку чекке жетип болжол менен жалпы 3000ге чейин бейтаптар медициналык …
Тогуз-Торо райондук оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнө Мирдин Мукашев жана Куштарбек Орозовдун демилгеси жана каржылоосу менен кичи кычкылтек станциясы курулду. Кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппараттан 11 бейтап кычкылтек ала алат.
3 жаштан 5 жашка чейинки бала бакчага барбаган балдардын борбордук китепкана базасынын, ачылышына көмөктөшүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары чакан белегин тапшырышты.
Мугалимдер, дарыгерлер, медайымдардын дээрлик 90 пайызы аялдар. Айыл өкмөттөрдө, акимиаттарда катардагы кызматкер катары аялдар көп иштешет. Алар кагазга так, жумушка жоопкерчиликтүү деп бааланат. Бирок жогорку кызматка дайындай келгенде, аялдардын акылы, …
2020-2021-окуу жылына карата “Санариптик билим берүү-өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы багыты” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин август кенешмеси онлайн форматта Zoom программасы аркылуу өткөрүлдү.
Ар бир адам бул жашоодо бактылуу болууга аракет кылып келет. Албетте, бактылуулук дегенде, алгач көпчүлүктүн көз алдына үй бүлөнүн ынтымагы, бакубаттыгы, жубайлардын жана жакын адамдардын бири-бирин колдоп, тушүнүүсү элестелет.
Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинен улам, мектеп окуучулары, онлайн түрүндө окуп, каникулга тарашты. Азыркы учурда, ата-энелер балдарынын жайкы эс алуусу тоодо, үйдө, китепканаларда өтүп жаткандыгын айтышууда.
«Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө аялдардын ролу» деген долбоордун алкагында Тогуз-Торо районуна караштуу 5 айыл өкмөттүн аялдар кеңеши, активист айымдар, жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон айымдар үчүн окуу тренинг болуп өттү.
«Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин атынан жалпы бүгүнкү күндүн каармандары болгон дарыгерлерге эстелик сүрөт тартылып, Тогуз -Торо районунун дарыгерлерине гүлдесте тартуулашты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Жарым Ай коомунунЖалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Джолдошова Гүлжамал жетектеген кызматкерлери райондук ооруканага медициналык каражаттар, кызыл зонада иштеген медиктердин балдарына окуу куралдарын тапшырышты.