Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: sarybulun

Жаңы келген вакциналар тууралуу дарыгерлер кеңеш берет

«Пфайзер, Астразенека эң жакшы вакциналардын бири. Себеби, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан уруксат берилген. Башында бай мамлекеттер сатып алып жаткан. Жеткирүү убактысы созулгандыктан, бул вакциналар бизге келбей жатты. АКШнын элчиси …

Оорунун алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү

Эмдөөлөрдүн бардыгы эле- негизинен вакциналардын жардамы менен организмде жугуштуу ооруларга каршы иммунитет жаратуу максатында жүргүзүлөт. Башкача айтканда жугуштуу ооруларды вакцинанын жардамы менен башкаруу деп түшүнсөк болот.

Тогуз-Торо: Коронавирус илдетине каршы эмдөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева, А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун директору Дурия Абдылдаева, райондук ооруларды алдын алуу борборунун башкы врачы Асем Садырова жана башка медициналык …

Тогуз-Торо: Сovid-19га каршы эмдөөлөр жөнүндө маалымат

Тогуз-Торо району боюнча Covid-19 оорусу 2020-жылы 73 учур, 2021-жылдын 11 айында 109 учур оору катталган. Пневмония оорусу 2020-жылы 89 учур, 2021-жылдын 11 айына 17 учур катталган.

Багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулатылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрь айындагы жарлыгынын негизинде Тогуз-Торо райондук башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 1-октябрь айынан тартып пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык …

Оорунун алдын- алууда туура маалыматты жеткирүү маанилүү

Акыркы жылдары ВИЧ/СПИД дартына чалдыккандардын негизги бөлүгү болууда. Андыктан жаштарга бул дарт тууралуу кенен маалымат жеткирүү актуалдуу болууда. Оорулардын алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Анара Атыканова ВИЧ/СПИД тууралуу …

Тогуз-Торо: Шайлоодогу санитардык талаптар

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандарды ден-соолугунун коргонуу жана камсыз кылуу максатында алгоритм иштелип чыккан.

Атай айыл өкмөтү: Фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди

Атай айыл өкмөтүнүн Карл-Маркс айылындагы фельдшердик-акушердик пункт имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Ал үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп, кошумча стимгрант аркылуу каржыланды. Бул туурасында Атай айыл өкмөтүнүн мурдагы айыл өкмөт …

Ковид учурунда мурункуга караганда эки эсе кыйналып иштеп жатабыз

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Аяткан Шеримбекова 43жылдык эмгек стажы менен жергиликтүү айылдык ФАПында иштеп келе жатат. Иштериндеги көйгөйлөрү бар экенин маектешип жатканда билдирди.

Медайым: Эмдөө жолу менен гана ооруну жеңе алабыз

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында ковид оорусу август айына чейин катталса, эмдөө башталгандан бери оору каттала элек. Бүгүнкү күндө калк арасына  вакцина алуунун пайдасы туралуу үймө-үй мед айымдар, айыл …

Тогуз-Торо районунда элдик жыйын өттү

Тогуз-Торо районунда элдик жыйын болуп өттү. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагулов жана айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Элдик жыйында беш айыл өкмөт башчылары аткарылып жаткан иштер …

Борбордук көчөлөр кеңейтиле баштады

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү Абдыманап Кыдыршаев көчөсүнүн Булуң жана Чалдовар аймактарында жөө адамдар жүрүүчү жолдор кеңейтилип, тротуар салынды. Ошондой эле бак-дарактар архитектуралык талаптарга ылайык ирээтке келтирилди.

Аудио: Шайлоодогу санитардык эрежелер тууралуу билиңиз

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата добуш берүү тартибин жана шайлоо пандемия шартында өтүп жаткандыктан, шайлоочунун коопсуздугун алдын алуу максатында бир катар санитардык чаралар жөнүндө сөз кылабыз.

Дарыгер: Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт

Сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирустук оорулар күз-кыш мезгилинде көбөйө баштайт, башкача айтканда бул оорулардын сезону болуп саналат. Бул оору менен көбүнесе иммунитети төмөн, өнөкөт оору менен ооруган адамдар, …

Жергиликтүү кеңеш бала бакча, мектептердин абалы менен таанышты

Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү аймакка караштуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттардын кышка даярдыгы менен таанышып чыгышты. Текшерүүдөн кийинки маселелер жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен …

Медайым: “Оорунун алдын- алуунун бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү”

Кара-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн маалыматында ковид-19 илдетинин 4-толкунун алдын алуу боюнча 18жаштан жогоркуларга эмдөө жүрүп жатат. 6 жаштан жогоркуларга гриппке каршы гриппол вакцинасы сайылып жатат.

Оорудан сактануу үчүн дарыгерлер кеңеш берет

Нова клиниканын дарыгери Эрмек Исмаиловдун айтымына караганда, азыркы учурда ковид эмес сасык тумоо өрчүп турган мезгил. Ковиддин саны азайып баратат. Бирок, ковид эч жакка кеткен жок, алдын алуу максатында эмдөөдөн …

Таштанды чыгаруу көйгөйү чечилди

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында техниканын начар абалынан улам таштанды чыгарууда көйгөйлөр жаралып келген. Бул маселени чечүү үчүн Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарына техникалар грант катары берилди. Бүгүнкү күндө Беларусь-82.1 …

Пандемия спорттук оюндарга өз таасирин тийгизди

Пандемия учурунда бир топ спорттук иш- чаралар өтпөй келди. Республикалык мелдештерге улан-кыздар катышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми оору басаңдай баштагандан бери иш- чаралар жандана баштагандыгы белгилүү болду.

Эң көп өткөрүлгөн аш-тойлордун кесепети оорунун жайылышына себеп

Күзүндө болуп жаткан аш-тойлор, адамдардын саламаттыгына таасир этпей койбойт. Анткени, Тогуз-Торо районунда covid-19 оорусу боюнча 2021-жылдын 9 айына 104 оору катталып, салыштырмалуу 50% өсүш берди. Ар бир жаран тобокелчиликке барбай, …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...