Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: sarybulun

Аудио: Чет-Булак айылынын окуучулары Бишкек шаарында экскурсияда болушту

Тогуз-Торо районуна караштуу Чет-Булак айылындагы Маатмуса Абдыжапаров атындагы орто мектебинин география мугалими Токтобү Жапаркулова менен 11-классынын окуучулары Бишкек шаарына экскурсияга барып келишти.

Видео: Тогуз-Торо FM жамааттык радиосу ачылды

Ачылышка Deutsche Welle Академиясынын Борбордук Азиядагы координатору Лидия Ранерт, Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова, kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова, Сорос-Кыргызстан фондунун өкүлдөрү Тынымгүл Эшиева жана Салима Капар, …

Сары-Булуң айыл аймагындагы жаш ишкерлер

Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Кара-Суу айылында Курманбек Назарбеков жана Дастан Майрамбек уулу биргелешип, самын чыгаруучу станок алып, самын өндүрүлүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар арзан баада …

Улуу Ата-Мекендик согуштан курман болгондор эскерилди

Тогуз-Торо районубуздун Ж.Кадыров атындагы эс алуу паркында мындан 77 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эл-жер үчүн жанын берген маркум жоокерлерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.

Сары-Булуң: Айыл өкмөт башчысы айыл тургундардын суроолоруна түз эфирде жооп берди

Жер тилкеси, турак жай жана таштанды жана ушул сыяктуу айыл тургундардын суроолоруна Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосу жана инстаграм баракчасы аркылуу Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Марлис Олжотоев кеңири маалымат берди.

Медайым: Ымыркайды жалаң эмизүү менен жугуштуу оорулардын алдын алууга болот

Ар бир эне бала эмизүүнүн алдында тазалык эрежелерин так аткаруусу зарыл. Наристенин ден-соолугуна өбөлгө болот. Бул туурасында Табылгыты айылындагы медайым Нурзат Арзиева эскертет.

Кош бойлуу жана бала эмизген энелер эмдөөдөн өтүштү

Бүгүнкү күндө 22 жумадан жогору кош бойлуулар, бала эмизген аялдарга Пфайзер вакцинасына уруксат берилип, вакцина алып жатышат. Бул туурасында Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымы Гулбара Бектур кызы.

Тогуз-Торо: Кургак учукту бирге жеңебиз

А. Жакишов атындагы райондук жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн жана райондук ооруларды алдын алуу жана МСЭК борборунун медицина кызматкерлери “24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү” күнүнө карата маалымат беришти.

Дарыгердин кайрылуусу: Кургак учуктан сактаналы!

Тогуз-Торо районунун А. Жакишов атындагы райондук жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн дарыгери Керимбү Буйлашова кургак учук кандай оору, анын себептери, сактануу жолдорун айтты.

Коронавирус айыл чарба ишине тоскоолдук жараткан жок

Азыркы күндө Айыл чарба чарба министрлиги тарабынан, Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүү боюнча олуттуу кадамдар жасалууда. Бул туурасында Тогуз-Торо райондук агарардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тойгонбай Молдобаев билдирди.

Атай айыл аймагында жалпысынан 17 млн 111 миң сом долбоор аткарылды

Тогуз-Торо районунун Атай айылынын өкмөтүндө үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жолдор оңдолуп, аймакка караштуу орто мектептин китепканасы жана ашканасынын пайдубалы курулду.

«Ас-Сафа» фондусу тарабынан кайрымдуулук көрсөтүлдү

Тогуз-Торо районундагы Атай айылына пандемия учурунда, «Ас-Сафа»коомдук фондусу тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилди.

Вакцинанын пайдасы бир адамга гана эмес, жалпы коомго да тиешелүү

Коллективдүү иммунитети адамдардын басымдуу көпчүлүгү ооруга каршы иммунитети болгондо гана иштейт. 10-15% эмделбеген адамдар түрүндөгү кичинекей ажырым эпидемиялардын үзгүлтүксүз кайра жанданышына же коомдун чакан чөйрөлөрүндө патогендин айлануусуна алып келиши мүмкүн. …

Пандемия көптөгөн жаштардын пландары аткарылбай калышына жол ачты

Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Азыр абал турукташып калгандыктан, жаштар кайрадан чет өлкөгө чыгып башташты. Бирок пандемия учурунда …

Тогуз-Торо районунда ковидке каршы эмдөөнүн 3-дозасы берилүүдө

Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов баш болуп, акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева, аппарат башчысы Табылды Салиманов жана администрация кызматкерлери ковид илдетине каршы эмдөөнүн 3-дозасын алышты

Тогуз-Торо: Ич ара таксилердин баасы да кымбаттады

Бүгүнкү күндө Казарман айылында 1литр Аи-92 бензинин баасы 65 сомду түзөт. Бензиндин кымбатташы, такси айдоочуларга да залакасын тийгизип келет. Бул туурасында Казарман айылынын тургуну Нурбек Алик уулу билдирди.

Атай айыл аймагында 2022-жылга аткарыла турган иш планы

Тогуз-Торо районунун Атай айыл айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын курулуш иштерин жүргүзүү, эң башкы планында турат. Бул тууралуу Атай айыл аймагынын жооптуу катчысы Наргиза Байгулова билдирди.

Тогуз-Торо: Ооруну эмдөө жолу менен жеңебиз

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында Бүгүнкү калк арасына вакцина алуунун пайдасы тууралуу үймө-үй мед айымдар, айыл өкмөт кызматкерлери кыдыруу менен 80% ашуун жергиликтүү тургундарды эмдөөдөн өткөрүштү. Толук кандуу элибиз …

Кара-Суу айылында эпидемиологиялык абал кандай?

«Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 60 бала тарбияланат. Катышыбыз жакшы, 40тан ашуун бала келип жатышат. Аябай деле ооруп калган бала жок. Бул туурасында аталган билим уюмунун директору Гүлнур Кожомбердиева …

Тогуз-Тородо эпидемиологиялык абал кандай?

Бүгүнкү күндө республика боюнча абал курчуп баратат. Бишкек шаары кызыл зонага кирди. Биздин райондо 3адам ковид менен катталды. Анын ичинен 2 адам Бишкекте ооруканада, 1 адам үйүндө дарыланып жатышат. Тогуз-Торо …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...