Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Кара-Суу айылында Курманбек Назарбеков жана Дастан Майрамбек уулу биргелешип, самын чыгаруучу станок алып, самын өндүрүлүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар арзан баада самын менен камсыз болууда.
Ийгиликке жетүү үчүн талыкпас эмгек, жигердүү аракет керектелет. Бүгүнкү биздин каармандар Казарман элинде самын кымбат болгондуктан, бул маселени чечүүнүн жолун издей баштадык. Самын чыгаруучу станок алып, самын чыгарсак. Кичине болсо дагы мамлекеттин экономикасына салым кошобуз деген ой пайда болду. Самынды бир аз арзан кылып, элге дагы пайдабызды тийгизсек деген максатта 2 жылдан бери чогултуп жүргөн акчабызга ишкерликти баштадык. Кардарлардын буйрутма бергенине жараша, самынды бергенине жараша жеткирип жатам.
Кардарлардын пикири жакшы сапаты жагынан аябай жакшы. Базар баасынан 10 сомго арзан, базарда 40 сом болсо, бизде 30 сом.
Элдер азыркы заманга жараша көбүнчө порошок колдонуп жатышат. Айна чыгарабыз деген план бар. Ошол пландын үстүндө азыркы учурда иштеп жатабыз.
Ал эми айылдын дүкөнчүсү Кумушкан Чотурова кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
«Бизге ишкер балдар, бизге самындарын сатууга таштап кетишет. Самын алган кардарлар, ыраазычылык билдирип жатышат. Бат-баттан сурап алып жатышат. Өзүм дагы, 5-6 самын колдондум. Сапаты жакшы экен, жакшы көбүрүп жатат. Айылыбызда самын өндүрүп жатканы, бизди кубандырат. Жаш ишкер балдарыбыздын, иштери ийгиликтүү болсун»,- дейт айылдын дүкөнчүсү К.Чотурова.
Анара Мааметова