Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинде жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Гапыр Мадаминовдун Акыл эмгегинин маданияты, Устаттык Өнөрү жана Энелер мектеби программаларын айкалыштырган, комплекстүү сабактар аркылуу окуу болуп өттү.

«Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын негизинде ата-энелерибизге, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов өзү сабак өтүп берди,»- дейт №7-мектептин директору Бактыгүл Сабурова.

«Окуучулардын сабакка катышуу активдүүлүгүн жана Акыл эмгегинин маданияты сабагынын ыкмаларын билим алууда колдоно алгандыгы көрүп туруп, бул мектепте Гапыр Агайдын эмгектерин колдонуу системага түшкөнүнө суктандык. Жаш мугалимдерге да усулдук жардамдар берилип, Устат-шакирт системасы жакшы жолго коюлуптур»,- дейт Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин координатору Бакытбек Сапаркулов.

«Бир күндун ичинде, энелер мектеби, Устаттык өнөрү жана Акыл эмгегинин маданияты боюнча окуучуларга, ата-энелерге жана жаш мугалимдерге комплекстүү окуунун өтүлүшү шаарыбыз үчүн чоң жетишкендик. Бул жерде жаш болсо да мыкты жетекчилик сапаты бар мектеп директорунун уюштура алгандыгы жана жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин бара-бара иши эффективдүү боло баштаганынын далили. Негизгиси билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов туура иш жүргүзүүдө», — дейт шаардык усулкаананын башчысы Темиржан Каюмова.

Даярдаган: Барчинай Алимова