Кыргызстандын аймагында боек катары колдонулуучу 80 ге жакын өсүмдүктүн түрү бар. Күнүмдүк-тиричиликте да кеңири пайдаланышкан. Учурда синтетикалык боектор пайда болгону менен табигый боекторду өндүрүү менен алектенгендер дагы жок эмес. Мунун натыйжасында тоолордо, жайлоолордо өскөн өсүмдүктөрдү казып, өткөрүп, кызылдай акча жасагандар көбөйдү. Тактап айтканда акыркы 3-4 жылдан бери эндик гүлүнүн тамыры массалык түрдө казылып, чет өлкөгө сатылууда.
Айыл жериндеги жумушсуз жарандар жан багуу үчүн бул “ишти” үй-бүлөлүк киреше булагына айландырышып, 1кг эндиктин тамырын ич ара 500-800 сомдон өткөрүшүүдө. Ал эми Кыргызстандын ичинде 1 кг 1500 сомдон болсо, дүйнөлүк рынокто мындан дагы кымбат болуусу мүмкүн. Дүйнөлүк рынок дегенибиз Россияда эндиктин бир түрү арнебиянын атында табигый косметикалык каражаттарды өндүрүүчү ири компания бар.

Эндик гүлү (сүрөт интереттен алынды)Эндик гүлү деген эмне?
Эндик (Macrotomia) — өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу.
Тоолордо өсүүчү, көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да кеп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Гүл коргону беш бөлүктүү, гүлү туура түзүлүштүү, жедекчеси түтүкчөлүү. Мөмөсү — жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү, анын үчөө Кыргызстанда өсөт. Боёчу Эндик республиканын тоолорунун таштак беттеринде, аска-зоолордун жаракаларында кенен таралган. Эндик Талас, ак Эндик Алай тоо кыркаларында өсөт. Кыргыздар эзелтеден эле эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан. Мындан сырткары өпкө оорусуна дары жана боек катары (көбүнчө кийиз боегон) пайдаланып келишкен. Ал эми учурда муну тамыры менен казып, сыртка сатышууда.

Мунара Жумабаева-Биология мугалими
Эндикти атайын чукугуч менен казып жатышат…
Мунара Жумабаева- Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология мугалими:
“Мен да эндик казыла баштагандан бери кызыгып, маалыматтарды издеп, таанышып чыктым. Мунун бир, эки жана көп жылдык түрлөрү бар. Бийик тоолордо, таштак жерлерде өскөн түктүү гүл. Кызыл түрү абдан жай өскөндүктөн казууда этияттык мамиле кылыш керек. Анткени тамырынан боек алууга таасир этет. Эндиктин тамырын мурда картошка казгандай казышса азыр атайын чукугуч жасап алышкан. Тибет медицинасында тундурмасын жара жана күйүктү дарылоо үчүн колдонулган экен. Бирок өз алдынча дарыланууга болбойт. Эндиктен медицинада уу жасалат деген маалыматты дагы окудум. Негизи эле бир өсүмдүктү казууда, колдонууда анын кайра калыбына келиш үчүн 30 % тийбеш керек. Анткени калган %дан кийинки жылы көбөйөт. Балким тамырдан, балким уруктан. Учурда эндикти жапырт казып башташты. Бул таптакыр жоголуп кетиши дагы мүмкүн”.
Эндиктин тамыры казылып, “чайкоочулук” менен сыртка чыгып кетип жатканы тууралуу интернет булактарында байма-бай жазылып жатканы менен тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан салкын мамиле жасап келишет. Ал эми эндик казууга күбө болгон адамдардын айтымында учурда тоо бетин бербей кап көтөрүп казып жүргөндөр көп.

Кап көтөрүп эндик казгандар

Эндик казылган жерлер
“Эндикти казууга тыюу салуу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги токтом же ченемдик укуктук акт жок”.
Аскат Жакшылыков КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы:
“Эндик Кызыл китепке кирбеген, техникалык өсүмдүктүн бири. Муну мыйзам чегинде атайын уруксат менен казып, иштетүүгө, пайдаланууга болот. Бирок акыркы жылдары Ак-Талаа районунун аймагында мыйзамсыз казып алуулар болуп жатат. Муну токтотууга, казууну азайтууга болгон күч-аракеттерди жумшап жатабыз. Мыйзамсыз казып жаткандар кармалганда акт, протокол түзүлүп жатат. Былтыр Ак-Талаа району боюнча 5 факт катталган. Быйылкы жылдан баштап эндикти мыйзамсыз казуунун азайтуу же бөгөт коюу максатында атайын 2 топ түзүлүп жатат. Бул топ күз айларынын аягына чейин Ак-Талаа районундагы эндик казылып жаткан аймактарда рейд жүргүзөт”.
Ал эми аталган министрликтин биоартүрдүүлүк башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алина Сейдакматова бардык өсүмдүктөрдү чогултуунун, казуунун эрежелери бар дейт.

Алина Сейдакматова-КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоартүрдүүлүк башкармалыгынын жетектөөчү адиси
“Жарандарга чогултуу боюнча лицензия берип жаткан учурда илимий негиздөөсүнө таянабыз. Ал эми уруксатсыз казып жаткан жарандардын КРнын өсүмдүктөрдү коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү мыйзамына ылайык мыйзамсыз чогултулган өсүмдүктөр, алардан өндүрүлгөн продукциялар конфискацияланат жана КРнын Өкмөтүнүн (14.09.2014 № 631) токтомунун негизинде бекитилген өлчөмгө жараша айып пул салынат”.
Жогоруда белгилегендей эндик Ак-Талаа районун аймагында абдан көп чогултулуп жатканы жашыруун эмес. Райондун аймагындагы 13 айылдык кеңештин төрагалары экологияга чоң зыян алып келип жаткан мындай көрүнүшту токтотуу, азайтууга иш-аракет жасоо өтүнүчү менен райондун акими Жумадилла Жапаровга кайрылуу жолдошкон.

Жумадилла Жапаров-райондун акими
“Райондун аймагында эндикти казууну азайтуу, токтотуу боюнча тиешелүү кызматтар менен комиссия түзүү боюнча буйрук даярдалып жатат. Жакын арада бул боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз. Мындан сырткары жакын арада жайыт комитети, токой чарбасы, айыл чарбасынын борбордогу өкүлдөрү менен бирге жыйын өтүүнү пландап жатабыз. Ошол жерде бир чечим кабыл алабыз. Былтыр министрликтерди оптимизациялоо болуп, иш алып бара алган жокпуз”,- дейт.
Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамы боюнча, жеке аянттардан сырткары, КРнын аймагында- токой чарбаларында, жайыттарда, коруктарда таркалган өсүмдүктөрдүн баардык түрлөрү Кыргыз мамлекетинин менчиги болуп саналат, жана аларды ар кандай максаттарда колдонуу КРнын Өкмөтүнүн токтомунун (06.06.2011. №228) ылайык, атайын уруксаттын негизинде жүргүзүлөт. Токтомдо уруксатты алуу тартиби жана өсүмдүктөрдү туура пайдалануу тууралуу эрежелер келтирилген. Бул уруксат КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилет. Ал эми сыртка сатуу үчүн дагы лицензия аркылуу жүргүзүлүшү кажет.
«Алина Сейдакматова: Эндикти чогултууга 10 жылга мораторий киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатат».
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын жетектөөчү адиси:
“Эндик жана мыя өсүмдүктөрдүн запастары акыркы жылдары көптөгөн мыйзамсыз, аярсыз чогултуулардын, контрабандалык жолдор менен чет өлкөлөргө сатуулардын себебинен аябай азайып кеткен. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын биология институтуна бул өсүмдүктөрдүн запастарынын мониторингин жүргүзүү сунушталып, жыйынтыгында кескин азайып кеткени белгилүү болгон. Ошондуктан чогултууга убактылуу тыюу киргизүү тууралуу илимий негиздөө берүүгө сунуш жиберилген.
Мунун негизинде Улуттук Илимдер Академиясында окумуштуулар кеңеши өткөрүлүп, бул негиздөө берилген. Негиздөөгө ылайык азыркы учурда эндик өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн чогултууга тыюу салуу боюнча долбоор каралып жатат”.

Мунара Жумабаева-биология мугалими
Мунара Жумабаева “Эндикти үй шартында өстүрүүгө болот, бирок…”
“Учурда жайыттар малдын туягынын көбөйүшүнөн деградация болуп жатат. Эми эндикти тамырынан бери казып, жер кыртышына зыян ого бетер келтирип жатат. Бул жеке кызыкчылыктан келип чыккан көрүнүш. Анткени айылда көп үй-бүлөлөр үчүн киреше булагы болуп жатат. Мурда эндикти картошкадай казып, топурагын додо кылып үйүп ташташса, азыр эми атайын чукугуч жасап алып казып жатышат. Эндик менен бирге өскөн башка өсүмдүктөр дагы жок болот. Экологияга терс таасирин тийгизет. Тең салмактуулук жоголот.
Өсүмдүктөр бири тамырынан, бири жалбырагынан, уругунан көбөйөт. Эгер мындай көрүнүш улана берсе анда эндик такыр жоголот. Азыр эми үй шартында өстүрүүгө аракет кылгандар көп. Уругу себилген алгачкы убактарда дайыма сугарылат. Бир аз өсүп чыкканда сууну азайтуу керек. Муну теплицада же пайда көрүү үчүн эмес, айрым түрлөрүн кадимки гүлдөй эле эшиктин алдын, аллеяларды кооздош үчүн өстүрсө дагы болот. Бирок ал тоодо өскөндөй өсө алабы, тамыр системасы өрчүй алабы? Байкап көрүш керек. Анткени ал бийик, ачык, таштуу жерде өсөт да.
Эгер тиешелүү мамлекеттик органдар эндикти жана башка ушу сыяктуу дары чөптөрдү коргоого албаса, анда булар жок болуп кетиши мүмкүн. Ошол себептүү дары чөптөрдү өстүрүү менен алектенген жарандарга колдоо көрсөтүп, эндикти үй шартында өстүрүп, көбөйтүүнү колго алуу керек.
Барчын Мамытбекова