2023-жылдын 15-майынан 20-майына чейин Ош, Өзгөн, Жалал-Абад, Баткен жана Раззаков шаарларында Кыргызстандагы жергиликтүү деңгээлдеги чыр-чатактарды жана тынчтыкты талкуулоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар ЮНЕСКО менен ПРООНдун биргелешкен долбоорунун бир бөлүгү болуп, БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана коомчулуктун медиа ассоциациясы тарабынан ишке ашырылган.
Иш-чаралардын негизги максаты долбоордук сунуштарды түзүү жана улуттук өнөктөштөр менен социалдык биримдик жаатындагы саясатты жана ченемдик укуктук актыларды талкуулоо болду. Иш-чаранын жүрүшүндө медиа жана маалыматтык сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулду, бул чыр-чатактарды алдын алуу жана чечүү боюнча жергиликтүү жетекчилердин жана мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуунун маанилүү аспектиси болуп калды.
Негизги өнөктөштөрдүн катышуусу
Долбоордун негизги өнөктөшү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болду. Этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Эшимбеков Искендер коомдук консультациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Социалдык биримдик боюнча жергиликтүү эл менен жеринде жолугуп, баарлашуу абдан маанилүү», — деди ал.
Иш-чарага коомдук консультациялык кеңештин мүчөлөрү, муниципалитеттердин өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын жалпы саны 105ке жакын адамды түздү. Иш-чаралар фокус-топтук дискуссия форматында өттү, мында катышуучулар жамааттарындагы негизги көйгөйлөрдү жана конфликттерди бөлүшүп, алардын себептерин жана кесепеттерин талкуулашты, ошондой эле аларды чечүү жолдорун сунушташты.
Катышуучулар өз жамааттарынын алдында турган негизги маселелерди активдүү талкуулашты. ММК жана маалыматтык сабаттуулук маселелерине олуттуу көңүл бурулганын белгилей кетүү маанилүү. Катышуучулар ЮНЕСКОнун адабияттарына негизделген материалдарды алышты жана алган билимдерин өз аймактарындагы абалды жакшыртуу үчүн кантип колдонсо болорун талкуулашты.
Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун мааниси
«Биз карапайым калкты медиа жана маалыматтык сабаттуулукка үйрөтүшүбүз керек. Чек ара чатактары учурунда бир эле жалган маалыматтан улам бир айылдын тургундары үйлөрүн жапырт таштап кетишкен, бирок бул айылда эч кандай чыр-чатак болбосо да», — деп бөлүштү Баткен облусу боюнча жооптуу катчы Ташбеков Алмаз.
Көптөгөн катышуучулар берилген билимдер үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
«Бүгүн мен абдан маанилүү иш-чарага катыштым, анда маалыматты текшерүү, сүрөттөрдү жана тексттерди эң жөнөкөй жол менен текшерүү боюнча билимге ээ болдум. Мындай билим жетишсиз болгондо, адамдар көп учурда чырдашып, жалпы бир пикирге келе алышпайт. Ушундай семинарды Ош облусунун Элдик жыйынынын депутаттарына өткөрүүнү суранат элем. Жыйырмадай адамбыз», — деп сунуштады Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Ош облусу боюнча төрагасы Караев Бердикул.
«Бүгүн мен медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча билим алдым. Мурда биз окуган маалыматтын баарына эмоционалдуу реакция кылчубуз. Бул ден соолукка абдан зыян экен. Эми маалыматты текшергенди үйрөндүк жана биринчи ушуну жасайбыз», — дейт Жалал-Абад облустук китепкананын кызматкери Гүлмира Шакирова.
Бардык чогултулган маалыматтар жана корутундулар бирдиктүү документке киргизилип, алар чыр-чатактын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планына киргизүү үчүн мамлекеттик органдарга сунушталат. Бул мамлекеттик бийлик органдарына өз стратегияларын жана пландарын иштеп чыгууда жергиликтүү элдин пикирин жакшыраак эске алууга мүмкүндүк берет, Кыргызстандагы коомдук биримдикти жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет.