Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына кичи ГЭСтин курулушу башталды. Кечээ айыл аксакалдарынын батасы менен тендерди утуп алган » Бай Строй» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш ишин баштады.
Тоголок Молдо айыл аймагынын өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда кичи ГЭС буюрса саатына 1200 КВт (1.2 МВт) энергия иштеп чыгат. «Тогуз-Булак» деген аталыштагы долбоордун жалпы наркы 1млн 200миң АКШ долларын түзүп, Куртка суусунун башына курулат» деди. Ошондой эле электр энергиясын сатуудан кошумча салык түшөөрүн кошумчалады. Быйыл толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилери белгилүү болду.
Барчын Мамытбекова