Коллективдүү иммунитети адамдардын басымдуу көпчүлүгү ооруга каршы иммунитети болгондо гана иштейт. 10-15% эмделбеген адамдар түрүндөгү кичинекей ажырым эпидемиялардын үзгүлтүксүз кайра жанданышына же коомдун чакан чөйрөлөрүндө патогендин айлануусуна алып келиши мүмкүн. Дал ушул себептен азыркы учурга чейин көптөгөн инфекцияларды адамзат жеңе албай жатат. Бул туурасында үй-бүлөлүк дарыгер Бактыгүл Кылычбекова маалымат берди.
Мисалы, Самоада 2019-жылдын аягында кызылча эпидемиясы болгон. Өлкөдө эки ымыркай чарчап калгандыктан ата-энелер балдарын бул ооруга каршы эмдөөдөн баш тартышкан. Алардын өлүмүнө медицина кызматкерлеринин күнөөсү себеп болгон. Коомду коркуу толкуну каптады. Натыйжада 2019-жылы өлкөдө ымыркайлардын 30% эмдөөдөн өтүп, кызылча оорусунун калк арасында тез жайылышына шарт түздү. Натыйжада көп сандаган адамдар ооруп, 50дөн ашык бала жана 60ка жакын чон адам оорудан каза болгон.
Вакцина туралуу дин кызматкерлери тарабынан айтылган, туура эмес маалыматтарга ата-энелер ишенип,эмдөө алуудан күмөн санашат…
Пакистанда вакциналар тукумсуздукка алып келет, ал эми башка өлкөлөр өзгөчө мусулмандардын төрөлүшүн азайтууну каалашат деген кутум теориялары шал оорусун жок кылууга тоскоолдук кылып жатат. Бул ушактарды дин кызматкерлери да таратып жатат, ошол себептен жергиликтүү калк эмдөөдөн баш тартып, эмдөө жүргүзгөн медицина кызматкерлери куугунтукка алынууда.
Оорунун алдын алууда туура маалыматты жеткирүү маанилүү..
Албетте, бул чындыкка дал келбейт, бирок, тилекке каршы, мындай көз караштар көп учурда абдан агрессивдүү эмдөө каршылаштары тарабынан өбөлгө түзөт. Алар ата-энелерди коркутуп, прессадагы жеке жашоосундагы окуяларды (кээде ойдон чыгарылган) жана эмдөөнүн пайдасын күмөн санашат.
Ал эми Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборунун АДО бөлүмүнө караштуу эмдөө кабинетинин медайымы Элмира Буйлашовага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
«Эмдөөгө келген балдар биринчи үй-бүлөлүк дарыгерлерине кайрылып, уруксат алып, анан эмдөөгө келишет. Мисалы, бир жаштагы бала эмдөөгө келсе, ата-энесине эмдөө жөнүндө маалымат берем. Бир жаштагы балага кызамыкка каршы эмделет. Кызамык оорусу жөнүндө түшүндүрөм. Кызамык өтө коркунучтуу оору, өтүшүп кетсе, көздүн көрбөй калышы мүмкүн. Кээ бир ата-энелер, туура эмес маалыматтарды алышып, диний көз караштар менен карап, каршы болуп келишет. Алардын балдары график боюнча эмделе тургандыгын ынандырып келем».
Эмдөөгө алып келген ата-эне Анара Мааметова кайрылып көрдүк:
«Биз бүгүн 2айында алынуучу эмдөөсүн алдык. Эмдөөгө чейин үй-бүлөлүк дарыгерибизге кайрылып, баланын ден-соолугун текшерип, анан уруксат алдык. 2айында алынган эмдөө көк жөтөл, кептөөр, вирустук гепатитке, шал оорусуна каршы. Баланы коркунучтуу, жугуштуу оорулардан сактаарын түшүндүрдү.
Үйгө кайткан соң, баланын дене табын термометр менен бат-бат текшерип туруу, эгерде баланын дене табы 38ден жогору болсо парацетамол таблеткасын берип турууну сунушташты. Дарыгердин айтканын угуп, баланы үйдөн карадым. Баланын акыбалы жакшы, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Күндөгүдөй балам чоңоюп жатат».
Албина Бейшеналиева