Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнө караштуу Ооган-Талаа айылындагы балдар бакчасынын ашканасы жок болгондуктан бир бөлмөлүү шарт жок жерде балдарга тамак даярдалчу. Пандемия башталганда ашкананын курулушу башталып, азыркы күндө бүттү деп билдирген бакчанын жетекчиси Бактыгүл Абдукеримова азыркы ашкананын шарты жакшы болуп, андагы иштеген ашпозчуларга да жумушу женилдегенин айтып кетти.
«Бала бакча 1960-жылы курулган, ошондон бери иштейт, эскини эптегенче эсин кетет дегендей, мен келгенде кичинекей ашкана бар эле. Проект жазып, айыл өкмөткө кайрылып, ашкана курдук, тамактарын жасап атабыз менюга чыккан тамактардын бардыгын жасашат. Тазалыктары жакшы, санэпидстанция тарабынан көзөмөлдөп турат, көзөмөлдөгөндөн эч эскертүү алган жокпуз. Ысык, муздак суу чыгып калды. Таштанды салынуучу урналар жана ишетилген суунун калдыктары бакчанын жанында эле. Аны 15 метр алыстыкка жайгаштырдык.
Балдар үчүн отургучтардын ыңгайсыздарын алмаштырып, жаңы алдык. Ал эми шейшептерди да жаңылап, ар бир керебетке үчтөн тиктирдим. Себеби бирин жууганда бири туруш керек, анан дагы шейшептерди үтүктөттүрүп, хлорго салып жуушат, мите курттардан алдын алып. Кудайга шүгүр Могол айыл өкмөтү жардам берип атат. Бакчанын жылытуу системасы эскирип тез-тез бузулуп жатат. Ал маселе боюнча өкмөткө кайрылуу кат жазсам проект жазгыла биз да жардам беребиз дешти. Кышкысын жылытуу системасынан кыйналдык.
Мурда бакча №6 Тоо-Гүлү эле, азыр болсо №6 Адиба Ильясова деп өзгөрдү. Адиба Ильясова Ооган-Талаага биринчи жолу бала бакча ачкан аял. Ушул бакчаны ачып, балдарды кабыл алып пенсияга чыкканча үзүрлүү иштегендиги үчүн Абида Ильясованын ысымы берилди. Ильясованын уулдары келишип, бакчадагы көйгөйлөрдү сурап, эскилиги жеткен темир тосмолорду оңдоп беришти. Дагы да демөөрчүлүк кылып турабыз дешти»,- деди Абдукаримова.
«Биринчиден бул санитардык гигиенаны сактоо, балдарга ысык, калориясы көп тамактарды берип жатабыз. Санитардык гигиена бул адамдарды беткапсыз киргизбөө, колду жуу.
Оору деп эле калбай окууга кийинки келечегине жол ачып, үйдөн келгенде, башка балдарга кошулганда кандай болот, чөйрөдө кандай болуш керек экенин баарын үйрөнүшөт. Омикрон бул тез жугуучу оору экени белгилүү эмеспи, ошондуктан балдар тынымсыз көзөмөлдө, бакчага балдар келгенден баштап көзөмөлдөнүп, баланын жүрүм-туруму кандай, бүт текшерип алабыз, эгерде бала ооруп калса ата-энесине эскертүү беребиз», -дейт жетекчи.
«Омикрон жөнүндө түшүнүк бар, районадан буйруктар келет, ошого карап иштейбиз, көбүнчө бул санитардык гигиена, бакчадагы бөлмөлөрдү өтө ысык, өтө муздак кылбай,темперетураны орточо кармайбыз. Биринчи ата- энеде түшүнүк болуш керек, коронавирус, омикрон штаммы жөнүндө, ата-эне да үйүндө балага туура айтып, көрсөтмө берүүсү абзел. Бакчадагы кызматкерлердин баары вакцина алышты», -деп билдирди Абдукаримова.
Элхан Жапаров, Гүлназ Камбарали кызы