Ноокат районунда «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» аттуу ооган согушунун ардагерлери менен окуучулардын жолугушуусу болду.
Ноокат районундук тарых музейинин директору Эсенбай кызы Калима:
«Бүгүнкү иш чаранын мааниси абдан чоң. Бул иш- чара Ноокат райондук музейи тарабынан уюштурулду. Ооган ардагерлери менен жолугушууну салтка айландырып алганбыз. Жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы 6-жолу өткөрүп жатабыз. Жалпы элге тарыхты билдирүү менен биргеликте, мекенди коргоодо кызмат кылган инсандарды элге жеткирүү.
Иш- чараны мектеп окуучулары менен өткөрөбүз. Аларды ардагерлер менен жолугуштурабыз. Ардагерлерден балдар таасир алуусун, келечекте мекенибизди коргой турган, мекенди сүйгөн патриот инсандар чыксын деген максатта уюштурулду. Райондо 100дөн ашуун мектептер бар. Алардын ичинен 4 мектеп катышты. Бүгүн Кулатов атындагы Т.Айбашев мектеби келип катышты».
Ардагер Сайганбаев Мамасыдык: «Мен бүгүнкү иш чарага Көк-Жар айылынан келдим. Ноокат районунда оогандар ветерандар союзунун төрагасы болуп 2 жылдан бери иш алып барам. 1879-жылы күзүндө армияга чакырылганмын. Украина ССР инин Харко облусунун 64 183 даярдоо военный частында техника даярдоо ишинде 6 ай кызмат өтөдүм. Ал мезгилде 23 жашта элем. Афганистан Украинадагы BM 02 техникасын окуп, кандай самолёт келип конот? Кандай самолёт учуп келип жатат? Биз ошону ар күнү саат минутага чейин көзөмөлдөп турчубуз. 1880-жылы кайтып келгенмин. Мамлекет тарабынан берилген камкордуктарга ыраазычылык билдиребиз. Жыл өткөн сайын органдардын саны азайып баратат. Ар кандай оору жараттардын эсебинен. Жалпы элге тынчтык каалайм. Заманыбызда биз көргөн нерселер болбосун. Биздин артыбыздан өсүп келе жаткан жаш муундар бизден үлгү алып жигиттик парзын аткарып. Мамлекет тарабынан коюлган милдеттерди так аткарса өлкөбүз алга жылат.»
Чынара Көчкөнбаева, Чынара Нурманова