Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.
«Учурда бала бакчада 75 тарбиялануучу бар. Алар үч топто жогорку, ортоңку жана кенже тайпа. Азыркы абал канааттандырарлык. Күн суук болгон мезгилде жана сасык тумоо күч алган маалда ооругандар болду. Алар ата-энесинин жана башкы дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатышты. Толугу менен айыкмайынча ооруган балдарды кабыл алган жокбуз.
Азыр бир аз күн жылуу, эртең менен да балдарды жылуу кийинтип жиберип жатышат. Ооругандар жокко эсе. Балдарды дайыма жардамчы тарбиячылар тосуп алып, дене табын өлчөп, колдорун жугушсуздандыруучу каражаттар менен тазалап киргизип турушат.
Эгерде балада кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп калса, дароо ата-энеси менен байланышып, андан соң биринчи тез жардам көрсөтүшөт. Мисалы, дене табы жогору болгон учурда медайымыбыз дене табын түшүрүүчү суюк дары (сироп) берип, баланын абалын жеңилдеткенге аракет кылат», -дейт Жаркын Кенжебаева.
Бала бакчада балдар көпчүлүк учурда оюнчуктар менен көп ойношот. Оюнчуктарды тазалап, жууп туруу тарбиячынын жана анын жардамчысынын милдеттери катары кабыл алынган.
«Биз күнүгө балдардын оюнчуктарын самындуу, соодалуу, ысык сууга жууп, андан кийин ысык кайнатылган суу менен чайкап, кургатып турабыз.
Эгерде жугуштуу оорулар чыкса, оюнчуктарды самындуу сууга жууп, андан кийин 0.5% дез.растворго 30 мүнөткө чейин чылап коебуз. Андан соң кайнатылган ысык суу менен чайкап, кургатабыз», -дейт Гүлмира Чекеева.
Оттук: «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору жаңы дайындалды
Акылай Алмазбекова