Бүгүн Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Мектепти курууга мамлекет тарабынан 67млн.сом бөлүнүп, мектеп 257 орунга ылайыкталган.
Жаңы мектептин ачылыш аземинде кызыл лента кесилди
Мектептин сырткы көрүнүшү
Мектептин ачылыш салтанатына КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мурадил Сыдыков, коомдук ишмерлер Ишенбек Медетбеков, Семетей Черикбаев, Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров, Нарын облустук билим берүү округунун башчысы Касымбек Мамытов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Сүйүнбек Бекмамбетов жана айыл тургундары, А.Абдраимовдун урпактары катышты. Салтанат КРнын мамлекеттик Гимни менен ачылып, меймандар куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Салтанатка облус жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты
Салтанатка келген айыл тургундары
Келген меймандар окуу бөлмөлөрү менен таанышты
Жаңы, заманбап мектепте сабак башталды…
Салтанатта облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев быйылкы жыл Нарын облусунда жакшы саамалыктар менен башталганын белгилеп, ачылган билим уясы ак жолтой болуусун, ушул мектептен Кыргызстандын намысына жараган улуу инсандар өсүп чыгуусун тилек кылды.
Сабыркул Ашимбаев КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Мындан сырткары быйыл мамлекет тарабынан ар бир райондо 4-5тен социалдык объектиге каражат берилерин, мындай ачылыштар башка аймактарда да болорун кошумчалады.
Ал эми курулуш ишин «Мерибелл текстиль иншаат» курулуш компаниясы жүргүздү.
Акталаанын Жерге-Тал айылында бала бакча көйгөйү чечилди
Барчын Мамытбекова