Жумгал районунун Чаек айылында 90 жылдык тарыхы бар музыкалык драм театырынын имараты кулайын деп араң турат. Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан 2013-жылы «пайдаланууга жараксыз, кирүүгө болбойт» деп чечим чыгарылган. Эгерде табигый кырсык болсо, театр кулап калышы мүмкүн. Анда иштеген кызматкерлердин айтымында, буга чейин бийлик өкүлдөрүнө маселени чечип берүүнү суранып, бир нече жолу кайрылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.
Жумгал районунда Калык Акиев атындагы музыкалык драм театры 1937-жылы түптөлүп, райондогу эң чоң театр болуп эсептелинет. Бирок имараттын эскилиги жеткендиктен оңдоп түзөөгө деле болбой калган. Кышында суук болгондо өнөр адамдары концертке жана спектаклге жылыткыч сайып, даярданууга аргасыз болушат. Кызматкерлердин айтымында, айрым учурда кыштын суугунда ооруп калган учурлар көп болот.
Чаек айылы Нарын шаарынан 250 км алыстыкта жайгашкан. Бул айылдан Нарын шаарына коомдук транспорт каттабайт. Нарынга такси менен гана Кочкор аркылуу жетүүгө мүмкүн. Жумгалга барчу шагыл жолдун да эскилиги жеткен. Нарын шаарынан айылга жетүү үчүн атайын унаа жалдап, 5 саатта барууга болот.
Өгөйлөнгөн маданият
Дал ушул эскилиги жеткен имаратта 18 жылдан бери режиссёр болуп эмгектенип келе жаткан Майрамбек Сагымбаев имараттын эскилиги жеткендиктен башка кызматкелердин өмүрү үчүн кооптонорун айтат.
«Имарат эскилиги эле жетпестен бөлмөлөрү дагы тар. Кышында от жагылганына карабай жылыткыч сайбасак тоңуп калабыз. Ар кайсы жагынын баары эле тешик. Бизге болгону жакшы шарты менен имарат керек. Эл аралык сынактарга чейин катышып, орун алганга болгон аракетибизди салмакпыз» — деп кейиди ал.
Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кийин Сооронбай Жээнбековдун тушунда жаңы театрдын имаратын куруу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок ал демилге ишке ашпай калган.
«Театр салынат дешкенде биз светтерди жана башка керектүү оокаттардын баарын алып салганбыз. Анан кайра салынбай калганынан чыгарган нерселерибизди кайра эптештирип койдук. Азыр араң эле турат. Имарат куламак тургай, өрт чыгып кетүү коркунучу дагы бар. Кышында кар калың жааса үстү толук түшүп кетүү коркунучу бар. “Залга эч ким кирбесин” деген бүтүм чыккан. Бирок кирүүгө аргасызбыз. Эгер мындагы кызматкерлердин бирөөсүн басып калса, биз жооп берип калышыбыз мүмкүн. Башка даярдана турган жер жок, мектептерге уруксат берилбейт» ,— деди ал.
7 жылдан бери кооптуу шартта иштеген артисттер «даяр спектаклди кайда коёбуз» деп да баш катырышат. Кооптуу жайга көрүүчү киргизүүгө уруксат жок.
Эскилиги жеткен имаратта 17 маданият кызматкерлери эмгектенет. Алардын айтымында, мамлекеттен 10 миңге жакын айлык маяна алышат. Бирок эски имаратта айлыктары аз болсо да маданияттын өнүгүшүнө салым кошууну каалашат.
Алардын бири 22 жылдан бери өмүрүн маданиятка арнап, актриса болуп эмгектенип келе жаткан Гүлназ Бузурманкулова. Ал өзү сүйгөн кесиби менен иштеп жатканы менен имараттын эскилигин көрүп, жаны кейирин айтат.
«Өмүрүм ушул театрда өттү. Ар кандай ролдорду жаратып, ойнодук. Имараттын эскилигинен элдер, окуучулар келбесе дагы биз эл аралап спектакль койгонго аракет кылабыз. Имараттын эскилигинен ыйлагың келет», — дейт ал.
Дал ушул имарат убагында чырагы жанып турган убакта кыргыздын белгилүү маданият чеберлери Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов, Сүйүнбек Бийназаров жана Шарыпкул Эсенгулов аттуу атактуу өнөр адамдары эмгектенишкен.
Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сопаровдун айтымында музыкалык театрдын долбоору даяр экенин белгилеп, бирок акча тартыштыгынан салынбай турганын билдирди.
«Бул театрдын имараты 1934-1938-жылдары салынган. Эскилиги жеткендиктен, “пайдаланууга болбойт” деген чечим чыккан. Жаңы имаратты куруу долбоору 2017-жылы эле даярдап койгонбуз. Республикалык бюджетте акча тартыш болгондуктан салынбай турат. Бирок биз жылсайын Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгына бул долбоорду сунуштап келебиз. Тилекке каршы “башка бүтпөгөн имараттарды бүтүргөнгө жумшап атабыз” деген жооп келет», — деди ал.
Анын айтымында, Нарын облусу боюнча маданият үйлөрүнүн 70 пайызы жараксыз. Бирок алар жыл сайын айыл өкмөт тарабынан оңдоп түзөлүп турат.
«Нарын облусу боюнча 60 айыл өкмөт болсо, анын дээрлик 70 пайызы маданият үйлөрү жана алардын көпчүлүгү жараксыз. Бирок алар айыл өкмөт тарабынан оңдоп-түзөөдөн өтүп турат. Азыр эми Чаек айылына 42 млн сомго музыкалык мектеп салынып атат. Мындан сырткары, Жумгалда кино театр бар, азыр ошону 12 млн сомго оңдоп-түзөгөн атышат. Эгер ошол жасалып бүтсө, анда Калык Акиев атындагы театрда эмгектенгендер ошол жактан спектаклдерге жана концерттерге даярданышса болот», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
«Эл кызыкдар болсо маданият өнүгөт»
Акын жана маданият боюнча эксперт Улукбек Омокеев эл кайдыгер болбосо маданият өнүгөрүн айтат. Ошондой эле, ал маданият тармагын бизнеске айлантуу керек дейт.
«Негизи маданиятка көңул буруп, аны өнүктүрүү үчүн албетте мамлекет кызыктар болуш керек, анан эл кызыктар болуш керек. Ар бир айылда сөзү өтүмдүү адамдар чыгат, ошолор элди маданиятка үндөсө жакшы. “Маданиятты өнүктүрөлү, жакшы имарат салганга салымыбызды кошолу, спектакль, концерттер болсо кирели” деп үндөшү керек. Маданият үйү жакшы болсо ал жерге бир эле концерттер өтпөйт да башка дагы иш-чаралар өтүп турат. Ошондуктан эл дагы өзү аракет кылыш керек. Азыр кафелерде иш-чаралар өтүп атпайбы, ошолор маданият үйлөрүндө өтүп турса жакшы болот», — дейт ал.
Кыргызстанда жалпы 704 маданият үйү катталса, 260 маданият үйү толугу менен оңдоп-түзөөгө муктаж. Бирок алардын баарын оңдоп-түзөөгө же жаңы имарат салууга маданият министрлигинин бюджети тартыш болгондуктан акча бөлүнбөйт. Союз учурунда бийлик калктын камын ойлоп дээрлик ар бир калк жыш отурукташкан жерге маданият үйлөрү курулган. Бирок айрым жерлерде клубдар түп орду менен жок болсо, кээ бир аймактарда ээнсиреп бош калган.
«Атайын имарат жок болсо да, маданиятка из калтыргыбыз келет»
Нарын районунун Куланак айылында 2018-жылы 12 адамдан турган «Шайыр апалар» тобу түзүлүп, азыркы күнгө чейин маданиятка салым кошуп келишет.
Атайын даярдалган программалар менен коңшу айылдарга коюлган концерттер жана спектаклдер бийик деңгээлде уюштурулуп, кыргыз апалардын чыгармачылыктагы ролун бекемдөө, салттуу ырлардын жайылышына салым кошуу менен алектенип келишет.
«Айыл өкмөт тарабынан болгону бир жылга 20 миң сом акча бөлдүрүп алып, үстүнө өздөрү акча кошуп өздөрү форма алышат. Ушинтип өздөрү эле акча чыгарып формаларды тиктирип алышат. Анан концерттерге, спектаклдерге даярданганда жайында клубдан даярданышат, кышында үйлөрүнөн даярданышат», — деди Тилекматова.
Ошондой эле, ал райондук иш-чараларда дайым алдынкы орундарды алып келаткан белгиледи.
«Негизи кээде айылдан чыккан мыкты жигиттер спонсор болушат. Мисалга алсак, акыркы эки жылдан бери биздин айылдан чыккан жигит жайында Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келет. Биз мындан дагы жакшы ийгиликтерге жеткенге умтулабыз. Дайым айылыбыздын атын чыгаргыбыз келет. Бизге эч нерсе тоскоолдук боло албайт. Маданият үйү эски болсо дагы алдыга жылганга аракет кылабыз. Өзүбүздүн айыл эли чогулуп деле маданият үйүн чечип алабыз», — деди ал.
Суусамыр: Маданият үйүнүн курулушу токтоп турат
Маданият үйүнүн жылуулук системасы ремонтко муктаж
Тамара Жумакаева атындагы маданият үйү начар абалда
Дилде Шатанова