Азыркы күндө Айыл чарба чарба министрлиги тарабынан, Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүү боюнча олуттуу кадамдар жасалууда. Бул туурасында Тогуз-Торо райондук агарардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тойгонбай Молдобаев билдирди.
Айыл чарба министрлигинин сунушунун долбооруна ылайык, мамлекет тарабынан айыл чарба тармагына 26 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп жатат. Россия Федерациясынан алынып келе турган үрөөндөрдү дыйкандарга жеткирүү, алуу тартиби туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, арпа, буудай, беде алуучулардын тизмелери такталып, «Айыл банк» мекемесине берилди.
«Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан үрөөндөрдүн жол кире акысына кеткен чыгымын жеңилдетүү же бекер тартып келүү каралууда.
Жалпы район боюнча 60 тонна 900 килограмм арпага, 41 тонна 290 килограмм буудай, 4585 кг сафлор үрөнүнө өтүнмөлөр берилди.
«Айыл Банк»аркылуу арпа, буудайдын үрөндөрү 2жылдык мөөнөткө 300миң сомго чейин күрөөсүз кредиттер 4,5% менен берилет. Кандай документтер керектелет, ушулар боюнча айыл аймактарга барып, кулактандыруу кылып жатабыз. Мындан сырткары, №309 токтом, жоболор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,-деди Тойгонбай Молдобаев.
Анара Мааметова