Нарын облусунун, Кочкор айылында мамлекеттик жана саясий ишмер, көптөгөн орден жана сыйлыктардын ээси, Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты Турдакун Усубалиевдин эстелигинин салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, премьер-министр Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка расмий өкүлдөр катышышты.
Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров эстеликтин ачылышын кийинки сөздөр менен баштады:
» Кымбаттуу достор!
Урматуу замандаштар!
Урматтуу коноктор!
Кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында улут намысын баарынан жогору коюп, элинин келечеги үчүн өмүрүн арнаган инсандар аз эмес. Алардын бири Турдакун Усубалиев. Ошондуктан, ал туулуп-өскөн Кочкор жергесине эстеликтин тургузулушу мамлекеттик жана коомдук ишмерди, өмүрү баарыбызга үлгү болгон инсанды эскерип, ыраазычылыктын белгиси деп ойлойм…»
Сайра Усубалиева Турдакун Усубалиевдин карындашы
Турдакун Усубалиевдин бир тууган карындашы Сайра Усубалиева салтанаттуу иш-чараны уюштурган уюштуруучуларга, Кыргыз Республикасынын Президентине ушул демилгени колдоп бергенине, ошондой эле эстеликти жасоого демөөрчү болуп берген жекече ишкер Майрам Байтерековага ыраазычылык билдирди.
Иш-чарадан бир көз ирмем
Эстелик Екатеринбург шаарында колодон скульпторлор Саадабек Атабеков менен Иван Юрьевич тарабынан жасалган. Эстеликтин салмагы 300 килограммды түзөт.
Нурия Карымбаева, Сюита Түмөнбаева, Азиза Максатбек кызы