Тогуз-Торо районубуздун Ж.Кадыров атындагы эс алуу паркында мындан 77 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эл-жер үчүн жанын берген маркум жоокерлерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.
Тогуз-Торо районунун башчысы аким Мирлан Карагулов, орун басары Тагайбек Уулу Дамир, Гүлжамал Султангазиева жана мекеме жетекчилери баштаган топ согушта курман болгондордун эстелигине келип гүлчамбар коюшту. Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөн аталарыбызды бир мүнөттүк эскерүүдөн соң аталарга багыштап куран окулду.
«Улуу Ата-Мекендик согуштун» катышуучуларынын жесирлерин 9-май Жеңиш майрамынын урматына Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев, медицина кызматкерлери менен биргеликте жеринен барып, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагуловдун майрамдык куттуктоосун жеткирип, кабар алышты. Жибек Бексултанова жана Аписа Асанова апаларыбыздын ден соолуктары көзөмөлгө алынып, чакан материалдык жардам көрсөтүлдү.
Сүрөттө: Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев, Табылгыты айылындагы медайым Нурзат Арзиева жана «Улуу Ата-Мекендик согуштун» катышуучусунун жесири Аписа Асанова
Мекен үчүн өз өмүрүн арнап, согушта курман болгондордун элесине таазим этип, алардын ар биринин ысымдарын эскеребиз дейт район акими Мирлан Карагулов:
“Тилекке каршы биздин райондо ардагерлерибиздин калбай калганы өкүндүрөт. Ошентсе да бизге Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерибизге ар дайым таазим этебиз жана ооруктун ардагерлерине чын дилибизден ыраазылык билдирип, алардын амандыгын тилейбиз.
Жеӊишке жетиш үчүн эмгектеги, теӊдешсиз эрдикти жаратып, адамдын мүмкүнчүлүгү чегине жеткен аракеттерди ишке ашырган, фронтко ишенимдүү тыл болуп, жоокерлерге дем берип турган ооруктун ардагерлерине таазим”.
Анара Мааметова