9- май ата-бабаларыбыздын өлбөс — өчпөс эрдигин даңазалап, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү бүгүн Кочкор айылында белгиленди.
Улуу Жеңиш майрамына бүгүн 77 жыл болду, Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана алардын эрдигин эскерүү менен куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.
Ата Мекендик согушта курман болгондорго гүл чамбар койгон кез
Эч ким, эч качан унутулбайт!
Ата-Журт үчүн күрөшкө, аттанып жоого аталар.
Азабын башка үйүшкөн,айылда калып апалар.
Дүйнөгө тынчтык апкелген, данкыңар тоого барабар.
Нурия Карымбаева