Акталаа районунда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата 35 жашка чейин жана андан улуулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин жүрүшүндө бардык оюнчулар мыкты оюн көргөзүүгө аракет кылышты. Жыйынтыгында 35-жашка чейинкилер арасында
1-орунду Баетов,
2-орунду Бейшеналиев мектеби
3-орунду 2000-жылкы оюнчулардын командысы камсыздады.
Ал эми 35-жаштан жогорку командалар арасында
1-орунду 37 жаштагы,
2-орунду 46 жаштагылар,
3-орун 35 жаштагы оюнчуларга буйруду.
Мындан тышкары «мыкты дарбазачы»,» мыкты чабуулчу», «мыкты оюнчу» номинациясы менен дагы сыйланышты.
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Улан Доктурбек уулунун айтымында облустук спорт комитетинен дипломдор, медалдар тапшырылды. Ошондой эле чогултулган каражат Бактыбек кызы Амирага кайрымдуулук үчүн жумшалды.
Барчын Мамытбекова