6-майда Нарын шаарында Нарын облусу боюнча «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын облустук туру өткөрүлүп, женүүчүлөр аныкталды. 1,2-орунду камсыз кылган тайпалар республикалык турга жолдомо ала алышты.
Таймаш абдан кызуу жүрүп, Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Таберик» тайпасы 1-орунду камсыз кылса, 2-орунду Нарын районунун районунун Баймоңол Кыязов мектебинин «Азирет» тайпасы ээлеп, эки тайпа республикалык турга жолдомо алышты.
1-орунду камсыз кылган «Таберик» командасы
«Манас эпосу чалкып жаткан, түбү терең океан, аны окуп кызыккан адам гана түбүнө чейин сүзүп жете алат. Ушунчалык маңыздуу, тарбиялык мааниси зор эпосту бардык кыргыз муундары окушу керек.
Эми даярдыгыбыз тууралуу айта кетсек эң биринчи райондук турга барып биринчи оорунду багындырдык, райондук тур деле оңой болгон жок, чындыгына келгенде оор эле болду. Андан кийин облустук турга жолдомо алып аябай даярдандык, себеби ал жерге күчтүү топтор барат деп ишенгенбиз. Облустук турга барганда толкунданган деле жокпуз, себеби элдин алдына көп чыгып жүрүп көнүп калыптырбыз. Берилген баардык суроолорго туура жооп берип эң жогорку 40 упайды топтоп, биринчи орунду багындырып, республикалык турга жолдомо алдык. Ошол күн бизге эң жакшы, эң кубанычтуу күндөрдүн бири болду. Таймаштын акыркы мүнөттөрүндө баарыбыз туруп, Манастап ураан чакырдык. Сүйүнүчүбүз койнубузга батпай турду. Эми республикалык турга катышып, баш байгени багындырып, мектебибиздин намысын коргоп келсек деген жакшы максаттарыбыз бар»,- дейт «Таберик» тобунун башчысы Акбермет Руслан кызы.
2-орунду ээлеген «Азирет» тайпасы
Сыйлоо аземи
Ураан чакыруу учуру
Таймаш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлоо аземинен кийин көрөрмандар жана катышуучулар «Улутуң ким? «Кыргыз, Кыргыз! Урааның ким? «Манас, Манас! » деген ураан менен таймашты жабык деп жарыялашты.
Эркеайым Замирбек кызы