Нарын облусунда 9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун 77 жылдыгынын урматына, атайын арналган, стол теннис оюну боюнча мелдеш болуп өттү.
Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин дене тарбия мугалими Үсөн Карамакеев 2- орунга ээ болду.
Үсөн Карамакеев:
«Мелдеш Улуу Ата-Мекендик согушка, улуу жеңишке быйыл 77 жыл болуптур, ошонун урматына арналып, облус боюнча өткөрүлдү. Нарын шаарынын ачык биринчилиги боюнча, стол үстүндөгү теннис таймашы болду. Оюндагы катышуучулар 40 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки болуп бөлүндү. Мен 40 жаштан жогоркуга катышып 2-орунду камсыздадым.»
№87 кесиптик лицейдин дене тарбия мугалимдери Бакыт Карыпбек уулу жана Мирлан Таалайбек уулу 40 жашка чейинкилерге катышышып 1-2-орундарга ээ болушту.
Мелдешке Нарын облусунун бардык райондорунун тургундары келип катышышты.

Төлөн Токтосунова