Замандын өнүгүүсү менен бардык багыт бирге өнүгүүгө кадам таштайт. Ал эми билим берүү тармагында да өзгөрүүлөр керекпи? Замандын талабына ылайык санарип технологияларды өздөштүрүү ар бир мугалимдин кесипкөйлүүлүгүнө таасирин тийгизеби? Окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун кантип жогорулатууга болот? Бул суроолорго Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, химия сабагынын мугалими, улуттук тренер Айнур Малабаева жооп берет.

Айнур Малабаева тренинг учурунда
«Замандын талабына ылайык мугалимдер өнүгүүгө, өзгөрүүгө даяр болушу керек. Себеби, окуучулар санарип технологияларды аябай тез өздөштүрүшөт. Аларга аны туура колдонууга үйрөтүү, туура багыт берүү ата-энелердин жана мугалимдердин чоң жоопкерчилиги бар. Учурда ар бир мугалим компьютердик технологияларды билүү менен өз сабагын натыйжалуу, эффективдүү жана кызыктуу кылып бере алат. Муну менен катар окуучуларга да компьютердик технологияларды туура багытта колдонуусуна багыт берүүгө мүмкүн»,-дейт Айнур Малабаева.
Билим берүүдөгү реформалар, мугалимдердин кесипкөйгүлүгүн кантип жогорулатуу керек, окуучулардын билим деңгээлинин төмөндөшүнүн себептери тууралуу төмөнкү аудио сюжеттен уга аласыздар.
Акылай Алмазбекова