26-28 -апрель күндөрү Ысык — Көл областына караштуу Чолпон — Ата шаарында «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу, Улуттук балдар инженердик-техникалык «Алтын түйүн» академиясы уюштуруп, 25-жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык сынак болуп өттү.
Кыргызстандан тышкары Казахстан, Орусия жана башка мамлекеттер активдүү катышты. Сынакка бир гана окуучулар келбестен, студенттер да катышты. Алардын саны 275ке жетип, жалпы 7 номинацияда 30 га жакын калыстар тобу катышуучулардын иштерин карады.
«Жаңы технологиялар» номинациясынын жеңүүчүсү, (I орун) Нарын облусуна караштуу, Жумгал районунун, Түгөл — Сай айылынын, Сейдалы Медетов мектебинин 10-классынын окуучусу Ислам Талантбеков менен маек курдук.
«Бул кароо сынакка 3-жыл катышып жатам. Менин жасаган аппаратым бир гана айыл жергесинде эмес, бүт Кыргызстан боюнча актуалдуу. Ал аркылуу электр тогун да үнөмдөп, жайлоодон деле колдонсо болот», — дейт жаш ойлоп табуучу.
Эске сала кетсек, адегенде сынактын райондук туру болуп, андан соң областык кароо болуп, кийин гана эл аралык деңгээлге саналуу гана окуучулар чыккан.
Кароо- сынактан кийин «Рух ордо» маданият борборуна бардык катышуучулар барып, жыйынтыктар шоу-концерт менен коштолуп жеңүүчүлөр белгилүү болду.
Даткайым Орозакунова