Ак-Талаа районундагы Баетов спорт клубунда мектеп окуучулары арасында күрөш боюнча турнир болуп өттү. Ага Нарын облусунун райондорунан келген жүзгө жакын жаш балбандар катышып, күч сынашты.
Спорт клубдун жетекчиси Азамат Барыктабасовдун маалыматына караганда мелдештин байге фонду жүз мин сомго жакын болду.
«Байге фондуна каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Мындан сырткары демөөрчүлүк кылган дагы атуулдар дагы болду. Мелдеш абдан кызуу өттү. Жаш балбандар мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Күрөш менен кыздардын машыгып, ушундай мелдештерге катышып жатканы жакшы көрүнүш»,- дейт.
Ал эми Айдеми Амангазиева Нарын шаарынан, Сымбат Макелеева Ат-Башы районунан келишкен. Өздөрүнүн айтымында жакында Ош шаарында өткөн эл аралык турнирде алдыңкы орундарды жеңип алышкан. Алар бүгүнкү мелдеште бири 30кг салмакта, ал эми экинчиси 35 кг салмакта таймашат.
«Күрөшкө катышуубузга ата-энебиз каршы эмес. Дайыма колдоо көрсөтүп турушат. Спорттун ушул түрү жагат, ошол себептүү тандап алдык. Буюрса алдыда көп ийгиликтерди багынтып, өлкөбүздүн желегин желбиретебиз» деген ойлорун бөлүштү.
Мелдештин соңунда алдыңкы орун алгандар Ардак Грамота, медалдар менен сыйланышты. Ошондой эле 1-орун алган жаш балбандарга акчалай сыйлык дагы кошо тапшырылды.
Барчын Мамытбекова