Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында муниципалдык менчиктеги спорттук клубдун ачылыш салтанаты болду. Ага спорт сүйүүчүлөр, айыл тургундары, акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров, Баетов айылынын өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев катышты.
Спорт клуб айыл жаштарынын демилгеси, каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бюджеттен акча каражатын дагы бөлүп беришкен.
Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда аталган спорт клуб үчүнчү жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
«Бирок бирде шамал чатырын учуруп кетсе, бирде имараттын ичи кароосуз калып, колдонулбай келген. Айыл жаштарынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен кайрадан жаштардын спорт ордосу болуп ачылып жатат. Облуста айыл өкмөттүн алдында ачылып жаткан биринчи спорт клуб. Иш орундары менен бирге тренердин дагы айлыгы чечилди. Буюрса бул клубдан спорт чеберлери, чемпиондор чыгат деп ишенем»,- деди.
Ал эми Аксакалдар кеңешинин төрагасы Качкын Абышбаев бул имарат мурда колхозго тиешелүү болуп, мал үчүн атайын тоют даярдоочу ишкана болгон.
Ачылыштын соңунда спорт клубдун ишке киришине салым кошкон атуулдарга Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жана Баетов айыл өкмөтүнүн грамотасы менен ыраазычылык каты тапшырылды.
Барчын Мамытбекова