Учурдун талабына жараша IT кесибине суроо талап жогору. Көпчүлүк ата-энелер баласы програмалоону үйрөнүп заманбап кесипке ээ болушун каалашат. 70 жаштагы Жамал Салморбекова буга чейин эки билимдин ээси болсо дагы, учурда IT боюнча окуп жатат.
4 айдан бери Жамал Салморбекова Бишкек шаарындагы IT курстардын биринде програмалоо боюнча билим алып жатат. Ал учурдагы маалыматтардын көптүгү заманында жашап жаткандыктан маалымат технологияларын жакшы билишибиз керек деп эсептейт. Ар бир адам заман менен бирге жашайм десе компьютер менен дос болуш керек:
«Код жазуу деген бул өзү коюлган маселени чечиш үчүн компьютерге киргизүү. Ал үчүн анын тилинде код жазуу зарыл. Бул киши менен компьютер ортосундагы байланыштырып туруучу көпүрө. Програмисттер коюлган маселени компьютердин тилинде которуп кандай иштеш керек экенин жасап чыгышат.»
Жамал Салморбекова кесиби боюнча математик, кийин экономист кесибин дагы алган. IT ни өздөштүрүү үчүн сөзсүз эле математик болуунун кереги жок. Логика жетиштүү болорун белгилейт. Учурда програмалоону окуп жатканда англис тилин билбегендиктен кыйынчылык жаралып ар бир сөздү которуп маанисин түшүнүп алып анан иштөөгө туура келип жатканын айтат:
“Негизи программалоодо маалыматтар англис жана орус тилдеринде. Мен IT ни үйрөтүп жатканымдын себеби дагы аны жакшылап түшүнүп, келечекте бул багытта иштеп жаткандарга салымымды кошуп кыргыз тилинде методикалык колдонмо жазып чыксам дедим эле. Учурда буларды которуп жатам которгондо дагы мааниси менен которуу керек. ”
Учурда Бишкек шаарында оффлайн окутуучу IT курстар 20дан ашат. Жамал Салморбекова окуп жаткан курсту жылына 480дей студент аяктайт. Жамал Салморбекова окуп жаткан курстун ментору Айжан Нурманова:
“Жамал апа бизде эң аракетчил студенттердин бири. Өзүнүн группалаштарына бирге окугандарга дем күч берип турат. Кантип десе апаны көргөн адам өзү эле окугусу келип кетет».
Акыркы 10-15 жылда программист кесиби дүйнөлүк эмгек рыногунда эң көп акы төлөнүүчү 10 кесиптин катарына кирген. Бул кесипке ээ болуунун каалап билим алып жаткандардын көбү 19 жаштан 35 жашка чейинкилер. Жамал Салморбекованын группалашы Күнзаада Бекжанова дагы мотивация алып турарын мындайча билдирди:
“Мен курска келгенде кимдер менен бирге окуурумду деле билген эмесмин. Жамал апаны көрүп абдан таң калдым жана өзүмө сонун мотивация алдым. Билим алууга эч качан кеч же эрте болбосуна ынандым.»
Жамал Салморбекованын 3баласы, 8 небереси бар. IT боюнча билим алууну баштагандан тарта үй-бүлөсү колдоо көрсөтүп келет. Алгач эле програмалоого керек болгон күчтүү ноутбук сатып беришкен. Ошондой эле окууда жаралган суроолорду Жамал апа Учурда Кореяда айти боюнча билим алып жаткан уулунан дагы сурап алат.
“Менин жолдошум дагы математик доцент, математика-физика илимдерин кандидаты ITге жакыныраак дегендей. Кээде менде кандайдыр бир түшүнбөгөн маселелер, суроо жаралса консультацияны ошол кишиден алам. Билим алууга деле үй-бүлө колдоп турганы мага чоң күч кубат берет».
Айгерим Кубатбекова