Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Азыр абал турукташып калгандыктан, жаштар кайрадан чет өлкөгө чыгып башташты. Бирок пандемия учурунда көп тоскоолдуктар болуп, көптөгөн жаштар көздөгөн максатына жете албай калышкан.
Айыл тургуну Айбек Муратбеков тил үйрөнүп жатканына бир жылдын жүзү болгон.
Германияга чыгайын деген пландарым бар болчу. Карантин башталып, немец тилинде практика жок, унута баштадым. Шаар ичине тосмолор коюлуп, өзүмдүн айылыма да жете албай калдым.
Ошол убакытта интернеттен бир программа таап, Голландияга документ тапшырдым. Кайра ал жакка да болбой калды. Кайра виза борборуна бизге кабарлап, Москвага жиберишти. Жумуш берүүчү менен скайп аркылуу байланышып, ангемелешүү болуп, өтүп кеттик. Пандемия учуру болгондуктан, билеттер кымбат, чыгымдар көбүрөөк болду.
Азыркы учурда Швеция өлкөсүндө 1жылдык стажировкада өтүп жатабыз. Жаңы келгенде коркуу сезимдер болду, үйрөнгөн тилдерибиз, бир аз болсо да жардам берди.
Канчалык тил билсең, ошончолук сүйлөшө алат экенсиң.
Кийинки жаштарга кеңешим, тил үйрөнүшсө, келечектерине жакшы. Жакшы пландарды коюп, эрте ийгиликке жете алышат. Англис тил дүйнөлүк тил болгондуктан, азыркы жаштар үйрөнүүсү зарыл.
Бул жакта бир аз калып, ойлогон максаттарыбызды ишке ашырып, Кыргызстанга кызмат кылалы деген ойлорум бар болчу.
Анара Мааметова