«Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 60 бала тарбияланат. Катышыбыз жакшы, 40тан ашуун бала келип жатышат. Аябай деле ооруп калган бала жок. Бул туурасында аталган билим уюмунун директору Гүлнур Кожомбердиева билдирди.
Ковид оорусуна каршы ата-энелерге байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат
«Сасык тумоо менен айрым балдар ооруп калып жатат. Күнүгө балдарды кабыл алууда, дене-табын бакчанын медайымы текшерип турат. Эгерде ооруган бала болсо ата-энеси менен ФАПка жөнөтүлөт. Бирок, андай учур каттала элек.
Бизде 2-3бала бир аз грипп болуп жатабыз деп кетишти, кайра тактамасы менен келишти. Жумушчу кызматкерлердин ден-соолугу жакшы, ишибиз өз нугунда жүрүп жатат.
Ковид оорусуна каршы ата-энелерге байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Мед айым балдарды кабыл алуу учурунда 2-3күндө бирден ата-энелерге маалымат берилип жатат.
“Кара-Суу айылында 80%дан ашуун эмдөөдөн өтүштү. Азыркы учурда грипп оорусу жүрүп жатат. Мектеп окуучулары, бакчадагы балдар азыраак ооруп жатат. Бүгүнкү күндө ковид оорусу менен 1адам катталып, ооруканада дарыланып, чыгарылды. Коронавируска каршы айыл эли 100% эмдөө алса, санитардык эрежелер такталса, ооруну жеңил түрүндө өткөрө алабыз”,- дейт айылдын мед айымы Гулбара Бектур кызы.
Анара Мааметова