Кулатов айылында омикрон штамы менен ооругандар көбөйүп жатат. Алардын көпчүлүгү үй шартында дарыланып жатат. Айылда вакцинациянын 3 түрүн алуу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы оорунун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом акча каражаты бөлүнөт.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов:
«Covid-19 оорусу башталгандан бери, 2021-жылда айыл өкмөт тарабынан жалпы 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Быйылкы жылы омикрон штаммынан алдын алуу максатында 100 миң сом акча бөлүнөт. Мектептерге, бала бакчаларга дезинфекциясын уюштуруп берип жатабыз. Керектүү антисептик каражаттары, коргоо каражаттары менен камсыздап жатабыз. Айылда мед айымдар эмдөөнүн 3 түрүн берүүнү улантып жатат. Мед айымдар транспорттон кыйналганына байланыштуу машине уюштуруп бердик, жер жерлерде эмдөө жүргүзүлүп жатат.
Айылда мугалимдерди, мед айымдарды, айыл өкмөттөгү жарандарды эмдөөдөн өткөрөбүз. Андан кийинки этабын окуучуларга эмдөө өткөрүлөт. 70-80% вакцинациядан өткөн болсок бул ооруну жеңгенге мүмкүнчүлүк болот. Бул оорунун алдын алуунун эң жакшы жолу. Элдерде каршылык көрсөткөндөр аз. Баары түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Мындан алдыңкы вакцинациядан өткөндүгүбүзгө байланыштуу айылда оору жеңил өттү».
Чынара Көчкөнбаева